Бардык жаңылыктар

  • 28.03.2020-жыл
    20:04

    «Оптима Банк» COVID-19 вирусунун жайылышын минималдаштыруу жана кардарлардын ден соолугун коргоо  максатында, үйдөн чыкпастан туруп,  каражаттарды обочолонгон тескөө жана  банктык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунуш кылат:

    24/7 режиминде Оптима24 интернет – банкинг мүмкүнчүлүгүн колдонуңуз; 

    • Коммуналдык кызматтарга, мамлекеттик төлөмдөрдү,  интернет провайдер кызматына, мобилдик операторлорго, онлайн оюндарына төлөө;
    •  Өзүңүздүн  эсебиңизге/картыңызга мөөнөттүү депозит боюнча  топтолгон пайыздарды чегерүү;
    •  "Оптима Банкта" ачылган мөөнөттүү депозиттерди толтуруу;
    •   "Оптима Банктын” ичинде карттар (эсептер) ортосунда акча которуулар, анын ичинен, "Оптима Банктагы” кредитти төлөө же акча каражаттарын алмаштыруу;
    • Улуттук жана  чет элдик валютада банк аралык акча которуулар.

    «Золотая корона» тутуму боюнча өзүңүздүн VISA же ЭЛКАРТ картыңызга которулган акчаларды алыңыз

    “Оптима Банктын” Contac акча которуулар тутуму боюнча  он-лайн акча которууларды  жүргүзүңүз.

    Карттан акча которууларды жөнөтүүдө, алдын ала Оптима24төн интернет- төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ачууга, көңүлүңүздөрдү  бурабыз.

    Ошондой эле, төмөндөгү өлкөлөргө акча которуулар жөнөтүлбөй тургандыгын эске алууну суранабыз:
    АКШ, Афганистан, Венесуэла, Колумбия, Бирма (Мьянма), Зимбабве, Ирак, Иран, Куба, Кот Д’Ивуар, Либерия, Ливан, Северная Корея, Сирия, Судан.Б.

    Төлөм карттын жардамы менен интернет сатып алууларды жүргүзүңүз.

    Төлөм терминалдарынын кеңири тармагы аркылуу төлөм картын жана эсепти толтуруңуз.

    “Оптима Банктын” толук кандуу иштеп жаткан банкоматтар тармактарынан акча каражаттарын алыңыз.

    Кыйын учурларда кардарларга алыстан консультация жана жардам берүү үчүн, күчөтүлгөн режимде иштеген  Банктын Контракт борборунан консультация алыңыз.

    Ошондой эле, кардарлар “Оптима Банктын” расмий сайтына онлайн арыздар аркылуу, төлөм карттарын чыгарууга, ошондой эле кредит боюнча онлайн арыз таштай алышат. “Оптима Банк” кардарларды обочолонгон тейлөө боюнча болгон күч-аракетин жумшоо менен, жеке кайрылуу зарылдагын минималдаштырууга аракет кылат жана  колдонуучуну  обочолонгон тейлөө мүмкүнчүлүгүн колдонууга чакырат.

     

    По возникающим вопросам Вы можете обращаться в
    Контакт-Центр «Оптима Банка»

    24/7 Күнү-түнү иштөөчү контакт борбору: (312) 90 59 59,  0-800-800-00-00 * («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз)
    О!, Beeline жана MegaCom тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: *1001 (чалуу акысыз)

     

  • 28.03.2020-жыл
    19:37

    Урматтуу кардарлар!

    “Золотая Корона” акча которуу тутумунун тиркемесин орнотуу менен, Сиз, сутканын кайсы гана убактысы болбосун, үйдөн чыкпастан туруп, “Оптима Банктын” карттарына которулган акчаны чегере аласыз. Бул үчүн Сиз, төмөндөгүлөрдү аткарышыңыз керек:

    1. “Золотая Коронанын” KoronaPay тиркесин орнотуңуз.  Google Play же App Storeде акча которуулар.
    2. Андан ары керектүү сапка, акча которуу коду алынган 996*** форматтагы телефон номерин киргизиңиз.
    3.  Сиз көрсөткөн телефон номерине   KoronaPay абонентинен шарттуу белги келет, аны киргизүү керек.
    4.  “Картка которулган акчаны алуу” баскычын басыңыз жана андан ары керектүү талааны толтуруңуз (алуучунун аты-жөнү жана төлөм картынын маалыматтарын). 
    5. Картка акча которууну чегерүү үчүн, “Чегерүү” баскычын басуу керек.

    Сизде кандайдыр бир суроолор пайда болгондо, “Оптима Банктын” Контакт -борборуна  кайрылсаңыз болот.

    24/7 Күнү-түнү иштөөчү контакт борбору: (312) 90 59 59,  0-800-800-00-00 * («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз)
    О!, Beeline жана MegaCom тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: *1001 (чалуу акысыз)
    Сиз ошондой эле, contact-center@optimabank.kg электрондук почтасы боюнча суроо берсеңиз болот:
    Skype: OptimaBank

  • 20.03.2020-жыл
    19:47

    Урматтуу кардарлар!

    «Оптима Банктын» Бишкек шаарындагы  ГУМ жана ЦУМ Соода борборлорунда жайгашкан аманат кассаларынын  иштөө режими өзгөргөндүгүнө байланыштуу, алар 2020-жылдын 21-мартынан тартып саат 17:00гө чейин иштейт.

    Ошондой эле, Жибек-Жолу проспектиси 493 дареги боюнча  жайгашкан  №018-17-36 аманат кассасы кардарлар менен, 2020-жылдын 21-мартынан тартып саат 17:00гө чейин иштейт.

  • 20.03.2020-жыл
    18:10

    Урматтуу кардарлар!

    Сиздердин көңүлүңүздөрдү,  акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө (төлөм картынын операциясынан операция валютасы айырмаланса) Процессинг борборунда акыркы эсептешүүнү жүргүзүү учурунда колдонулган курс  колдонула тургандыгына  бурабыз.

    Алмаштыруу операциялары (мисалы, сомдук карттан АКШ долларын банкоматтан алууда) менен акыркы эсептешүү учурларынын ортосунда убактылуу аралык бар. Волатильностуулукка байланыштуу, акыркы эсептешүү учурундагы курс, алмаштыруу операциясын жүргүзүү учурундагы курстан олуттуу айырмаланышы мүмкүн.  Алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө, бул өзгөчөлүктү эске алууну суранабыз.