Банк жөнүндө
“ОПТИМА БАНК” – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ №1 БАНК
2021-жылына карата |
||
Активдер |
1-орун |
Рынок үлүшү: 18% |
Кардарларга насыялар |
1-орун |
Рынок үлүшү: 15,2% |
Кардардык депозиттик база |
1-орун |
Рынок үлүшү: 20,7% |
Таза киреше |
1-орун |
Рынок үлүшү: 16% |
“Оптима Банк” заманбап болууга, банк тармагындагы жаңыдан киргизилгендерди колдоого, кардарлар үчүн сервистин сапатын жакшыртууга аракет кылат. “Оптима Банк” – бул, туруктуу финансылык институт, диверсификацияланган насыялар жана депозиттик портфель, баланстын жакшы түзүмү менен жана бүтүндөй Кыргызстан боюнча географиялык жактан балансталган банк.
Бүтүндөй Кыргызстан боюнча “Оптима Банктын” 55 өкүлчүлүктөрүндө дүйнөлүк стандарттар деңгээлинде сапаттуу жана ыкчам тейлөө
“Оптима Банк” – бул:

Кыргызстан боюнча 55 ашык бөлүмдөрдө 1300 жакын кызматкерлер 330 000 ашык кардарларды тейлешет.

Банк Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат, бул - кынтыксыз кадыр-барк менен 25 жылдан ашык ийгиликтүү иш.

Талап кылынуучу кардарлар менен, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук спектри. Кардарлардын керектөөлөрүн жана талаптарын түшүнүү үчүн, кардарлар менен туруктуу диалог

Иновацияларды жана банктык процесстерди автоматташтырууну ар дайым жайылтып туруу. Интернет-банкинг жана мобилдик банкинг ыңгайлуу кызмат көрсөтүүлөрү.
20 жылдан ашык активдүү жана туруктуу иштөөнүн аркасынан Банк, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун лидерлеринин үчилтигине кирген жана абдан динамикалуу өнүккөн, өзүнүн кардарларынын жана акционерлеринин кызыкчылыктарын сактаган ишенимдүү өнөктөш Банк деген кадыр-баркка ээ болгон. Банк бир нече жолу “Кыргызстандагы мыкты банк”, “Мыкты листинг Банкы” жана “Жыл эмитенти” деген наамдардын ээси болгон.
2011- 2020-жылдары «Оптима Банк» “Жылдын тандоосу” эл аралык фестивалында “Кыргызстандагы №1 Банк” эң жогорку сыйлыгын алган.
2018-2019 жылдары “Оптима Банктын” ОПТИМА24 мобилдик тиркемеси, Global Banking and Finance Review журналынын версиясы боюнча, Кыргызстандын мобилдик банкынын мыкты тиркемеси болуп таанылган (Best Mobile Banking Application Kyrgyz Republic).
2018-жылы. "Оптима Банк" сооданы каржылоо жаатында жетишкендиктери үчүн, (ЕӨРБ) сыйлыгына татыктуу болду. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча «Оптима Банк», Европалык өнүгүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) (Trade Facilitation Programme, TFP) сооданы каржылоону өнүктүрүүгө жардам берүү программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын абдан активдүү банк-эмитент болуп таанылды.
2017-жылы "Оптима Банк" Евразиялык финансылык-банктык ассоциация (ЕАК ФБА) тарабынан уюштурулган, “Евразиянын финансылык-банктык элита” эл аралык сыйлыгы боюнча, “Ишенимдүүлүк жана өнүгүү эталону” номинациясынын ээси болуп калды.
Tazabek (АКИpress) маалымат ресурсу тарабынан жүргүзүлгөн финансылык иш-аракеттердин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын банктарынын рейтингиндеги 1-орун үчүн, 2010 – 2017-жылдары «Оптима Банкка» «Кыргызстандагы мыкты Банк» катары жыл сайын диплом тапшырылып келген
2018-жылы Европалык Реконструкциялоо жана өнүгүү банкы (Trade Facilitation Programme, TFP) (ЕРӨБ) “Оптима Банкка” “Абдан активдүүү банк - сооданы каржылоонун эмитенти” сыйлыгын тапшырган. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Банк, ЕРӨБнын Сооданы каржылоону өнүктүрүүгө жардам берүү программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын активдүүү банк-эмитенти болуп калган.
«Оптима Банк» ААКсы Kyrgyzstan Domestic Technology Operations Bank of the Year 2014 номинацияларында мыкты деп таанылган (сыйлык банктык операцияларды жүргүзүүдө алдыңкы технологияларды колдонуу менен айырмаланган финансылык институттарга ыйгарылат)
Domestic Retail Bank of the Year 2014 (2014-жылдагы мыкты локалдуу чекене банк”) «Asian Banking and Finance» финансылык басылманын версиясы боюнча
2014-жылы Deutsche Bank «Оптима Банк» ААКсына “АКШ долларында төлөмдөрдү тариздөөнүн эң жогорку деңгээли үчүн” деген белгилөө менен, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча «STP Excellence Award» артыкчылыктуу сыйлыгын тапшырган.
Best Digital Bank Kyrgyzstan 2020 (Мыкты санариптик банк 2020-ж.) «Global Banking and Finance Review» эл аралык басмасынын чечимине карата.
Best Private Bank Kyrgyzstan 2020 (Private Banking кызматын көрсөткөн Кыргыз Республикасындагы мыкты банк) «World Finance» эл аралык басмасынын чечимине карата.