Көп кездешкен суроолор
Часто задаваемые вопросы
Рекурренттүү төлөмдөр/авто төлөмдөр деген эмне?
Рекурренттүү төлөмдөр/авто төлөмдөр – бул, жазылууларга, абоненттик төлөмдөргө ж.б.у.с. төлөөдө кезектеги төлөмдү инициациялоо үчүн, төлөөчү катышпастан туруп, банктык карттан акча каражаттарын мезгил мезгили менен эсептен чыгаруу.
Коддук сөз деген эмне, ал эмне үчүн керек?
Коддук сөз – бул, Кардар тандаган жана Банктын Контакт борборундагы телефон боюнча Кардар кайрылганда, Кардарды идентификациялоо үчүн колдонулуучу, төлөм картын алуу/жаңы мөөнөткө узартуу боюнча тиешелүү Арызга ал тарабынан көрсөтүлгөн символдордун (тамгалардын жана/же цифралардын) комбинациясы.
Өзүңдүн коддук сөзүңдү кантип коюу/билүү керек?
Эгерде Сиз, коддук сөздү унутуп калсаңыз, Банкка паспорт менен кайрылсаңыз болот. Коддук сөз Банкта коюлат жана арыз анкетада көрсөтүлөт.
Эгерде мен ПИН-кодду унутуп калсам, эмне кылышым керек?
Эгерде Сиздин картыңыз электрондук ПИН-код менен чыгарылса, анда Сиз, Банктын бөлүмүнө кайрылып, убактылуу жаңы ПИН-кодду алууга арыз жазсаңыз болот. Эгерде карт кагаз жүзүндөгү ПИН-код менен чыгарылса, анда жаңы ПИН-код менен картты чыгаруу керек.
ПИН-кодду калыбына келтирүүгө болобу?
Болот, эгерде Сиздин картыңыз электрондук ПИН-код менен чыгарылса.
ПИН-кодду өзгөртүүгө болобу?
Сиз, ПИН-кодду банкоматтан өзгөртө аласыз. Ал үчүн, банкоматта ПИН-кодду өзгөртүү операциясын тандашыңыз керек.
ПИН-кодду катары менен 3 жолу туура эмес киргизсеңиз, эмне кылуу керек?
ПИН-кодду катары менен 3 жолу туура эмес киргизгенде, ПИН-эсептегич тосмолонот. Эгерде Сиз, өзүңүздүн коддук сөзүңүздү билсеңиз, Сиз Контакт борборго, же Банктын бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.
Менин картты колдонуу мөөнөтүм бүтүп калды, карттын мөөнөтүн кантип узартсам болот?
Картты колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, Сиз Банктын бөлүмүнө кайрылышыңыз жана картты узартуу боюнча арыз жазышыңыз керек.
Интернет тармагына төлөөдө “Оптима Банктын” картын колдонсом болобу?
Ооба, Сиз биздин карттын жардамы менен интернет сатып алууларды жүргүзө аласыз.
Картты кантип толтуруу керек?
Картты төмөндөгүдөй толтурса болот:
- Биздин төлөм Терминалдар аркылуу;
- Карттан/эсептен Оптима24 аркылуу картка акча которуу менен;
- Башка банктар аркылуу акча которуу менен;
- Золотая Корона; Contact акча которуу тутуму боюнча акча которуу менен;
- Сбербанктын картынан акча которуу менен.
Мен өзүмдүн маалым даректеримди кантип билсем болот?
Маалым даректер төмөндөгү шилтеме боюнча Банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн: https://www.optimabank.kg/ru/about-rus/bank-details.html
Сиз ошондой эле, Банктын Контакт борборуна, же Банктын бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.
Карттан картка кантип акча которуу керек?
Оптима24 – Акча которуулар – Картка/ эсепке акча которуулар тиркемеси аркылуу. Эсептен чыгаруу у картты/эсепти тандагыла – карттын номерин – которуу суммасын жазгыла – акча которууну жөнөткүлө.
Менин картым боюнча калдыкты кантип билсем болот?
Сиз өзүңүздүн калдыгыңызды Оптима24 тиркемеси, же Банктын банкоматтары аркылуу, ошондой эле Банктын Контакт борбору аркылуу билсеңиз болот.
Эсеп боюнча көчүрмөнү кантип алса болот жана ал канча турат?
Көчүрмөнү Оптима24 тиркемеси аркылуу аксыз жасаса болот. Ал эми банктын бөлүмү аркылуу – 250 сом.
Карт менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча суткалык лимитти кантип өзгөртүү керек?
Карт боюнча лимитти өзгөртүү үчүн, Оптима24 тиркемесине кирип, керектүү картты тандоо керек - тууралоо – лимиттер – керектүү пунктту тандаңыз – белгилеңиз.
Картты жоготкондо же уурдатканда аны кантип тосмолоо керек?
Оптима24 тиркемесинен картты – тууралоону – картты тосмолоону тандаңыз - тосмолоо себебин көрсөтүңүз – тосмолоңуз. Контакт борборго телефон чалып, картты тосмолосоңуз да болот.
Картты кантип активдештирүү керек?
Карт чыгарылгандан кийин активдүү болуп эсептелет.
Менин картымда эмне үчүн карыз/техникалык овердрафт пайда болгон?
Техникалык Овердрафт транзакция жүргүзүүдө курстук айырманын натыйжасында, Банктын комиссиясын эсептен чыгарууда, кол менен транзакция жүргүзүүдө, ошондой эле транзакцияларды кеч эсептен чыгарганда пайда болушу мүмкүн.
Курстук айрыма деген эмес жана эмне үчүн курстук айырма пайда болот?
Курстук айырма карттын валютасынан айырмаланган валютада транзакция жүргүзүүдө пайда болот.
Чет өлкөдө картта колдонууда эсептен чыгаруу кайсы курс менен жүргүзүлөт?
USD, EUR, RUB валюталарынан айырмаланган валютада транзакция жүргүзүүдө, Банк конвертация + OIF (Optional Issuer Fee (OIF) жүргүзүлгөн күндөгү Төлөм тутумунун курсу менен төлөм карты боюнча Карттык эсептин валютасында акча каражаттарын конвертациялоону (акцептсиз) жүргүзөт – Visa төлөм тутумунун комиссиясынын өлчөмү операция суммасынан 1,25%ды түзөт.
Сомдон айырмаланган валютада банкомат аркылуу акча каражаттарын алсам болобу?
Ооба, Сиз кайсы гана болбосун валютада, ошондой эле чет өлкөдөн акча каражаттарын алсаңыз болот. Бирок, карттын валютасынан айырмаланган валютада накталай алууда, конвертация жүргүзүлөт. Конвертация төмөндөгүдөй схемада жүргүзүлөт:
- USD: Валюта операциясы →Эсептин валютасы (Visa курсу) + OIF1
Жыйынтыгы: 1 конвертация+ OIF - RUB: Валюта операциясы → Эсептин валютасы (Банктын комм. курсу)
Жыйынтыгы: 1 конвертация - EUR: Валюта операциясы → Эсептин валютасы ((Банктын комм. курсу)
Жыйынтыгы: 1 конвертация - БАШКА ВАЛЮТАЛАР: Валюта операциясы → АКШ доллары (Visa курсу)+ OIF→ Эсептин валютасы (Банктын комм. курсу)
Жыйынтыгы: 2 конвертация+ OIF
1Optional Issuer Fee (OIF) - Visa төлөм тутумунун комиссиясынын өлчөмү, операция суммасынан 1,25%
Картты колдонуу менен жүргүзүлгөн операцияга макул болбогон учурда эмне кылуу керек?
Сиздин картыңыз аркылуу жүргүзүлгөн операцияларды тактоо үчүн, көчүрмө алуу боюнча Банктын бөлүмүнө кайрылуу керек.
Интернет тармагында төлөө үчүн жетүү мүмкүнчүлүгүн кантип кошуу керек?
Биздин Оптима24 тиркемебиз аркылуу интернет тармагында төлөө үчүн, Тиркемеге кирип, картты тандаңыз – (тууралоо – интернет аркылуу төлөө). Сиз сатып алууну жүргүзүп жаткан сайтта тиркеме жок болсо, Сиз төлөй ала турган 3DS функциясы бар (Сизге Push-билдирүүсү келет, бул 6 белгиси бар кодду сайтка киргизүү керек). Эгерде 3DS жок болсо, Контакт борборуна, же биздин Банктын бөлүмүнө кайрылышыңыз керек.
Карттан акча каражаттарын кай жерден алсам болот?
Акча каражаттарын Банктын банокматы аркылуу алса болот. Банкоматтардын даректерин Оптима24 тиркемсинен же расмий сайттан карап, же Банктын Контакт борборуна чалуу керек.
Бир суроо-талап боюнча / бир күндө банкоматтан канча сумманы алса болот?
Банкоматтарда бир жолку накталай алуунун максималдуу суммасы - 25 000 / 300 долл.
Банкоматтардан акча каражаттарын алуу лимити карттын түрүнө жараша болот:
VISA Instant – 60 000с, VISA Classic – 100 000с, VISA Gold – 200 000с, VISA Platinum – 300 000с. (алуу үчүн лимиттерди мобилдик банкинг аркылуу көбөйтсөңүз болот).
Бир жолу карттан картка канча сумманы которсо болот?
Башка кардардын картына О24 200 000 сом.
Өзүңүздүн карттарыңыздын ортосунда 1 000 000 сомго чейин.
Чет өлкөдө картты колдоно тургандыгым жөнүндө Банкка эскертишим керекпи?
Чет өлкөдө картты коопсуз колдонуу максатында, Сиз, башка өлкөдө карттын колдонуу жөнүндө Банкка кабарласаңыз болот. Индонезияга учаарда Сиз биздин Банкка келишиңиз керек, анткени, ал өлкө үчүн биздин карттар жабык жана операция жүргүзүү үчүн жетүү мүмкүнчүлүгүн ачуу керек.
Жеке маалыматтарыңыздын өзгөргөндүгү жөнүндө Банкка кантип билдирүү керек?
Жеке маалыматтарыңыздын өзгөргөндүгү жөнүндө Банкка билдирүү үчүн, Банктын бөлүмүнө түп нуска документтер менен барып, “жеке маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө” арыз жазуу керек.
Банктын картынан башка банктын картына акча которо аламбы?
Башка банктын кардарынын эсебине клиринг менен акча которуу мүмкүнчүлүгү бар.
Башка банктардын банкоматтарынан акча каражаттарын алуу үчүн комиссия
2020-жылдын 1-сентябрынан тартып, Visa карттарын кармоочулар үчүн, Кыргыз Республикасынын башка банктарынын банкоматтарынан накталай акча каражаттарын алгандыгы үчүн комиссия азайтылат. Башка банктардын банкоматтарынан накталай акча каражаттарын алгандыгы үчүн комиссия суммадан 1%, ар бир операция үчүн min 50 сом. Ошондой эле, банк-эквайердин (түзүлүштүн ээси) кошумча комиссиясы болушу мүмкүн.
Карттан оюнга букмекердик коюмдарды жасай аламбы?
Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк жок.
Башка банктын картына, анын ичинен чет өлкөдөгүгө акча каражаттарын кантип жөнөтүү керек?
Бул кызмат көрсөтүү, иштеп чыгуу процессинде турат.
Чет өлкөгө Оптима Банктын картына акча каражаттарын жөнөтсө болобу?
Эгерде Сиз же Сиздин туугандарыңыз чет өлкөдө болсо, свифт акча которууларын жүргүзсө болот. Банктын маалым даректерин, ошондой эле акча каражаттарын которо турган карттын номерин, багытын көрсөтүү керек.
Ошондой эле, Visa Direct тутуму боюнча жөнөтсө болот, мындай учурда, биз тараптан комиссия акча которуу суммасынан 0.7%ды түзөт. Эгерде бул карт тууганыңыздыкы болсо, анда аны төлөм терминалы аркылуу толтурса болот.
Кредиттик картты кантип жана кай жерден заказ берсе болот?
Кредиттик картты алуу үчүн, Банктын бөлүмүнө келип, арыз жазуу керек.
Жеңилдетилген мезгил деген эмне?
Жеңилдетилген мезгил Кредиттик карттын ээлери үчүн берилет. Эгерде накталай эмес төлөм жүргүзүлсө, жеңилдетилген мезгил кезектеги айдын аягына чейин, 30 күнгө чейин кардарга пайыз эсептелбейт.
Кредиттик карт боюнча кайсы операциялар жеңилдетилген болуп эсептелет?
Кредиттик карт боюнча жеңилдетилген мезгил, кардар накталай эмес төлөгөн учурда, кезектеги айдын аягына чейини мөөнөт менен берилет.
Кайсыл операциялар жеңилдетилген болуп эсептелбейт?
Накталай акча алынган учурда, кредиттик карт боюнча жеңилдетилген мезгил берилбейт.
Кредиттик карт боюнча карызды качан төлөө керек?
Кредиттик картты ар бир айдын 20-числосуна чейин төлөө керек.
Кредиттик картты алуу үчүн кандай маалымкаттар керек?
Сиз Кредиттик картты алуу үчүн, Банктын бөлүмүнө кайрылып, арыз жазып, төмөндөгү документтерди беришиңиз керек:
- Иштеген жериңизден акыркы 6 ичиндеги эмгек акыңыз жөнүндө маалымкат;
- Паспорт;
- Эгерде кардар никеде турса жана сураган сумма 100 000 сомдон ашса, никени каттоо жөнүндө күбөлүк жана жубайынын макулдугу керек.
Кредиттик карттын максималдуу суммасы канча?
Компаниялардын жетекчилери үчүн, кредиттик карттын максималдуу суммасы 200 000 сомго чейин, жана башка кызматкерлер үчүн 100 000 сомго чейин. Эгерде Биздин Банкта кардардын депозити болсо, анда кредиттик карт 500 000 сомго чейин берилет.
Кредиттик карт уюмдар (юридикалык жактар) үчүн берилеби?
Ооба, кредиттик карт уюмдарга берилет.
Кредиттик лимитти төлөө үчүн графикти басып чыгарып бересизби?
Кредиттик картты ар бир айдын 20-числосуна чейин төлөш керек.
Эмнеден баштоо керек?
Эгерде Сизде биздин Банктын эсеби/карты болсо, Сиз Оптима24 мобилдик банкингди кошсоңуз болот. Эгерде жок болсо, адегенде Банктын бөлүмүнөн эсеп ачыш керек.
Шарттуу белгини унутуп калдыңызбы?
Эгерде Сиз, контролдук (купуя) суроо эсиңизде болсо, сайт аркылуу шарттуу белгини берсеңиз болот. Эгерде унутуп калсаңыз, анда Банктын бөлүмүнө кайрылуу керек.
Купуя суроо деген эмне?
Каттап жатканда О24 үчүн суроо тандап, ага жооп бериш керек. Эгерде Сиз шарттуу белгини унутуп калсаңыз жана О24кө кирүү үчүн жаңыны сурагыңыз келсе, ал керек болот.
Оптима24кө кирип жатканда, “Тилекке каршы, бул эсептик жазуу тосмолонгон” деген жазуу чыгып жатат, эмне кылышым керек?
Эгерде тутум мындай жоопту берсе, анда Тиркемеге кирүү тосмолонгон. Сиз, Контакт борборго кайрылышыңыз жана идентификациялоо үчүн коддук сөздү беришиңиз керек. Же, Банктын бөлүмүнө кайрылышыңыз зарыл.
Мен өзүмдүн купуя суроомду жана ага болгон жоопту кантип билсем болот?
Эгерде Сиз Оптима24 тиркемесинен өзүңүздүн шарттуу белгиңизди унутуп калсаңыз, Банктын бөлүмүнө барышыңыз керек, ал жерден Сизге жаңы шарттуу белгини беришет.
Оптима24кө кирип жатканда, тутум логинди киргизүүнү сурап жатат, мен аны кайдан алсам болот?
Оптима24төн Сиздин логин – бул Сиздин картыңыздагы ID, ал 2ден 6га чейинки цифрадан турушу мүмкүн.
«PUSH – билдирүүнү» кантип тууралоо керек?
О24кө кирүү керек – меню – профиль – тууралоо - PUSH – билдирүү.
Мен смс билдирүүнү алгым келбейт, PUSH – билдирүүнү кантип өчүрүү керек?
PUSH – билдирүүнү өчүрүү үчүн, О24кө кирүү керек – меню – профиль – тууралоо - PUSH – билдирүү.
Оптима24тө кайсы жабдуучулардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөсө болот?
Оптима24 тиркемесинин жардамы менен, Сиз кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрине төлөсөңүз болот. Төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү бөлүмдөрү бар:
- Коммуналдык кызматтар;
- Мобидик байланыш;
- Катталган байланыш;
- Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдар/Бюджеттик төлөмдөр;
- Кабелдик телевидение;
- Интернет кызматы;
- Сулуулук жана ден соолук;
- Чет өлкөлөрдөгү уюлдук операторлор;
- Билим берүү;
- Такси кызматы;
- Онлайн оюндар;
- Социалдык тармактар;
- Электрондук акчалар;
- Оюн платформалары;
- Дилерлерден/Агенттерден төлөм;
- Интернет дүкөндөр.
Оптима24тө шаблонду кантип түзүү керек?
О24 аркылуу төлөгөндө, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин “шаблон түзүү” дегенди тандап, шаблондун аталышын жазыңыз жана сактаңыз.
Авто төлөмдү кантип түзүү керек?
Төлөмдү жүргүзгөндөн кийин төлөмдү түзүү керек, андан соң “туруктуу төлөм” белгисин коюу керек, андан кийин ар бир айдагы төлөө күнүнөн тартып, ушул эле суммадагы төлөм автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Оптима24тө эсепти кантип ачса болот?
Оптима24тө алыш-бериш эсебинен сырткары, бардык ачылган эсептер көрсөтүлөт.
Оптима24тө номерди кантип алмаштырса болот?
О24тө телефон номерин төлөм терминалынын жардамы менен алмаштырса болот - акысыз.
Банктын бөлүмдөрүндө – 50 сом.
Бирдикти туура эмес салдыңыз же эсепти чаташтырып алдыңыз, бул жагдайда эмне кылуу керек жана кайтаргандыгы үчүн комиссия кандай болот?
Эгерде Сиз, туура эмес кемерге баланс толтурсаңыз, анда Банктын кайсы гана болбосун бөлүмүнө барышыңыз (токтотуу толтуруу (О!, Мегаком) күнүндө жүргүзүлөт же толтуруу учурунан тартып 24 саттын ичинде (Билайн) жана бул номерде акча болгондо) жана арыз жазышыңыз керек, кайтаргандыгы үчүн комиссия 100 сомду түзөт.
Оптима24тө өз алдымча каттоо жүргүзө аламбы?
Оптима24 тиркемесин колдонуу үчүн, төлөм терминалы аркылуу өз алдынча каттоо жүргүзө аласыз.
Сомдук картка доллардык карттан акча которуу кайсы курс боюнча болот?
Сомдук картка доллардык карттан акча которууда, акча которууну толук иштеп чыгуу учурундагы курс эсепке алынат.
Оптима24 боюнча коммуналдык кызматтарга ж.б. төлөөдө комиссия барбы?
Айрым кызмат көрсөтүүлөрдөн сырткары, О24 аркылуу төлөө акысыз:
- Электрондук капчыктар
- Дилерлердин төлөмдөрү (Дордой Дыйкан, Мурас Спорт)
- Avon
- Бюджетке төлөө
- КФ «Билимкана»
Интернет төлөмдү кантип кошуу/өчүрүү керек?
“Оптима Банктын" бардык VISA карттары боюнча, Интернет тармагында төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.
Эгерде Сиз, карт боюнча интернет операцияларды жүргүзүүгө ачык жетүү мүмкүнчүлүгүн кармагыңыз келбесе, анда, Оптима24 же жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу интернет операцияларга жетүү мүмкүнчүлүгүн жабышыңыз керек.
Интернет төлөмдөрдүн кайсы түрлөрү жеткиликтүү?
- Карттын маалым даректерин жана 3D Secure кодун киргизүү менен операциялар; Карттын маалым даректерин киргизүү, бирок 3D Secure кодун киргизбестен операциялар;
- Рекурренттүү төлөмдөр – электрондук капчыктагы карттарды каттабастан жана картты кармоочу катышпастан авто төлөмдөр.
Интернет операцияларга лимит барбы?
Ооба, Банк тарабынан төмөндөгү операциялардын түрлөрүнө лимиттер белгиленген:
- 3D Secure жана CVV киргизүү менен операциялар үчүн, жалпы 8000 суммасындагы 5тен көп эмес авторизациялар;
- Рекурренттүү төлөмдөр үчүн, суткасына жалпы 8000 суммасындагы 5тен көп эмес авторизациялар;
Интернет операцияларга лимитти көбөйтсө же азайтса болобу?
Ооба, СДБО Оптима24тө, же *1001 же 312 90-59-59 номери боюнча Банктын Контакт борборуна же филиалына кайрылып, интернет операцияларга лимитти көбөйтсө же азайтса болот. Ошондой эле, Сиз СДБО Оптима24тө, же *1001 же 312 90-59-59 номери боюнча Банктын Контакт борборуна же филиалына кайрылып, өз алдынча операцияларды жүргүзүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн жаба аласыз.
Эскертүү: Банктын саясатына ылайык, рекурренттүү төлөмөрдөргө лимитти азайтуу же аларды жүргүзүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн толук жабуу – мүмкүн эмес.
Менден интернет төлөм өтпөсө эмне кылуу керек?
Себебин аныктоо жана консультация алуу үчүн, Банктын Контакт борборуна же филиалга кайрылуу керек.
Мен жүргүзбөгөн операция менин картым боюнча өтсө, эмне кылышым керек?
Териштирүү жүргүзүү үчүн Банкка арыз менен кайрылуу керек. Картты алдын ала тосмолоңуз.
Интернет операцияларды жүргүзүүдө эмнени билүү керек?
- Операцияларды ишенимдүү дүкөндөрдө жана белгилүү компаниялардын жана бренддердин сайттарында жүргүзгүлө.
- Карттын маалым даректерин коопсуз жана бөтөн адам жетпеген жерге сактаңыз.
- Сиздин картыңыздан авто эсептен чыгарууну болтурбоо үчүн, кол каттан өз убагында баш тартуу керек.
- Сиздин картыңыздын маалым даректерин белгисиз адамга бербеңиз жана күмөндүү сайттарда жана дүкөндөрдө операцияларды жүргүзбөңүз.
- Эгерде Сиздин картыңыз боюнча алдамчылык операциялары жүргүзүлсө, же карттын маалым даректери компрометиленген эмес деп күмөн санасаңыз, картты кайрадан чыгарыңыз.
Интернет операцияларды жүргүзүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн жапкым келсе, эмне кылышым керек?
Эгерде Сиз, карт боюнча интернет операцияларды жүргүзүүнүн ачык жетүү мүмкүнчүлүгүн кармагыңыз келбесе, же Оптима24 же жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу интернет тармагында төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн мурда өчүрүп салсаңыз, анда Оптима24 аркылуу интернет операцияларды жүргүзүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан жабышыңыз керек, анткени, 10-августтан тартып, бардык карттар боюнча жетүү мүмкүнчүлүгү автоматтык түрдө ачык.
Оптима24 аркылуу башка банктын картына акча которууну жөнөтө аламбы?
Тилекке каршы, жок, башка банктын кардарынын картына акча каражаттарын которуу мүмкүнчүлүгү жок.
Интернет-эквайринг деген эмне?
Интернет-эквайринг – бул, интернет дүкөндүн интернет сайтында же интернет сервисте түздөн түз товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн банктык карттарды кабыл алууга мүмкүндүк берген кызмат көрсөтүү.
Ага кошулууну кантип тариздөө керек?
Сиз биз менен кызматташуу үчүн, Оптима Банк” ААКсынын кайсы гана филиалына болбосун барып, анкета толтуруңуз жана арыз калтырыңыз. Банктын кызматкерлери Сизге бардык керектүү учурларды түшүндүрөт жана керектүү документтерди берүү жана келишимге кол коюу жөнүндө суроолоруңузга жооп берет.
Интернет-эквайринг кайсы мөөнөттө кошулат?
Келишимге кол коюлгандан кийин. Ошондой эле сайт боюнча эл аралык төлөм тутумунун талаптары аткарылгандан кийин, 3 (үч) жумушчу күнүнүн ичинде керектүү ачкычтар жөнөтүлөт.
Интернет дүкөндөрдүн чет элдик кардарлары банктык карттар боюнча электрондук төлөм жүргүзө алышабы?
Ооба, жүргүзө алышат. Банктык карт менен төлөөдө эч кандай географиялык чектөөлөр каралган эмес. Анкетаны толтурууда керектүү өлкөнү көрсөтүү керек.
Силердин Банк жеке жактар менен иштешеби?
Жок. Биздин Банк Кыргыз Республикасынын резиденттери - юридикалык жактар менен гана иштешет.
Суткадагы төлөмдөрдөгү бир төлөмдүн минималдуу жана максималдуу суммасы боюнча чектөөлөр барбы?
Суткадагы төлөмдөрдөгү максималдуу төлөм түрүндө чектөөлөр, интернет дүкөндөрүнүн иш-аракеттери чөйрөсүнө жараша жекече белгиленет.
Интернет-эквайринг үчүн жаңы алыш-бериш эсебин ачуу талап кылынабы?
Ооба, интернет-эквайрингден киреше алуу үчүн, Банктан алыш-бериш эсебин ачуу керек.
Банк интернет дүкөндүн алыш-бериш эсебине кабыл алынган төлөмдөрдү Банк дайыма чегерип турабы?
Төлөмдөр 3 (үч) банктык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Кайсы төлөм тутумдары кабыл алынат?
VISA жана НСРПК Элкарт төлөм тутумдары кабыл алынат.
Банк канча комиссия алат?
Банктын комиссиясы компаниянын иш чөйрөсүнө жана анын жүгүртүүсүнө жараша болот.
Комиссиянын эсептен чыгаруу кандай жүрөт?
Банк комиссияны чыгаруу менен, кабыл алынган төлөмдөрдү Сиздин алыш-бериш эсебине которот.
Интернет-эквайрингге кошулуунун наркы канча турат?
Ачкычтарды кошуу-жөнөтүү жана колдоо кызматы акысыз.
Кардарга интернет-эквайринг боюнча комиссияны которсо болобу?
МПС эрежелери боюнча башка аспаптар менен төлөөгө карата төлөм аспаптарын басмырлоого тыюу салынган. Башкача айтканда, карт менен төлөөдө товарлардын наркы, накталай, электрондук капчык менен төлөөдө товарлардын ошол эле наркы калышы керек.
Интернет-эквайринг боюнча картка акчаны кабыл алууга болобу?
Сиз, картка төлөмдү кабыл алсаңыз болот. Бул үчүн, бизнес картын ачуу, эквайрингден бул картка киреше алуу боюнча арыз жазуу керек.
Мен төлөмдү кантип көзөмөлдөй алам?
Биздин ар бир кардарыбыздын колдонуучунун жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү бар, Сиз андан жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты алсаңыз жана транзакциялардын статистикасын көрсөңүз болот.
Сиздин төлөм тутумга кошулуу үчүн, менин сайтым кандай көрүнүшү керек?
Visa эл аралык төлөм тутумунун талаптарына ылайык, сайтта төмөндөгүдөй маалыматтардын болушу милдеттүү:
- Товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү толук баяндоо (сапаты, курамы, өлчөмү, товардын көлөмү, нускама);
- Товарларды жеткирүү же кызмат көрсөтүү тартиби (жеткирүү ыкмасы, наркы, географиялык чектөөлөр жана жеткирүү мөөнөтү);
- Товарларды кайтаруу тартиби (мөөнөттөрү жана шарттары);
- Товарларды кайтаруу же кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу жана каражаттарды кайтаруу тартиби;
- Колдоо кызматы, сатуу жана башка бөлүмдөрү, кардар менен коммуникацияга жооптуу адам менен байланыштар (электрондук дарек же телефон номери);
- Юридикалык жактын аталышы же дареги боюнча маалымат;
- Улуттук валютада товардын наркы, зарылчылыкка жараша чет өлкөлүк валютада анын эквиваленти (мисалы, АКШ долларында);
- Купуялуулук саясаты (кардар жөнүндө маалыматтарды жайылтпоо);
- Экспортко чектөө жөнүндө маалымат (зарылчылыкка жараша).
Кардарга эсеп шилтеме койсом болобу?
Ооба, Сизде керектүү сумма менен эсепти түзүү жана e-mail жана SMS боюнча төлөө үчүн аны жөнөтүү мүмкүнчүлүгү болот.
Сиздин колдоо кызматы кандай режимде иштейт?
Колдоо кызматы күнү-түнү дем алышсыз иштейт.