«Оптима Банк» утуш оюнун өткөргөн жок. Этият болуңуздар, алдамчылар жүрөт!
Урматтуу «Оптима Банк» ААКсынын кардарлары!
Оптима24 мобилдик тиркемесинде авторлошторуу үчүн, “Оптима Банктын” ар бир кардарына 12 000 сом утуш жөнүндө жарнама менен, интернетте жасалма сайттар пайда болгондугун, билдиребиз.
Бул сайттарды Сиздин телефонуңуздун мобилдик тиркемеси аркылуу, “Оптима Банктын” сайтынан издегенде гана табылышы мүмкүн.

Сиз шилтемени басканда, Оптима24түн жасалма сайтына автоматтык түрдө кайрадан багытталасыз, ал жерде Сизге, логинди, шарттуу белгини жана Сиздин телефонго жөнөтүлгөн смс кодду киргизүүнү сунуш кылат.
Маалыматтар киргизилгенден кийин, алдамчылар Сиздин накта Оптима24 мобилдик тиркемеңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн алышат жана Сиздин атыңыздан картыңыз боюнча мыйзамсыз операцияларды жүргүзүшөт.
Сизден, Банктын расмий аталыштагы www.optimabank.kg сайтынан, ошондой эле Оптима24 интернет-банкинг расмий тиркемсинен бир аз болсо да айырмаланган аталыштагы сайтка, кирбешиңизди жана кыраакылык менен көз салууңузду, өтүнөбүз. Күмөндүү сайттарга жана тиркемелерге өзүңүздүн карттык маалым дарегиңизди, тастыктоочу смс кодуңузду ЭЧ КАЧАН киргизбениз!
«Оптима Банк» ААКсы Сиздин логинди жана шарттуу белгини, смс кодуңузду ЭЧ КАЧАН сурабайт, ошондой эле эч кандай утуш оюндарын өткөрбөйт, авторлоштуруу үчүн акча каражаттарын таратпайт.