Optima Bank

«Оптима Банктын» кардарларына расмий кайрылуу

Урматтуу «Оптима Банк» ААКнун кардарлары!

Банктын карта системасын «First Heartland Jusan Bank» АКнун жаңы Процессинг борборуна которуу/ өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн техникалык иштерге байланыштуу банк карталарынын жана Optima24 мобилдик тиркемесинин иштөөсүндө 2021-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейинки мезгилде үзгүлтүктөр байкалды.

Мындай жаңылоо жеке финансыларды башкарууга мүмкүнчүлүк берүү менен заманбап жана инновациялык технологияларды банк системасында эл аралык стандарттарына ылайык келген жана маалыматтардын сакталышынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылган карта продуктуларына жана сервистерине киргизүүнү мүмкүн кылат.  

Банк үчүн Optima24 тиркемесине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кошу аркылуу кардарлардын маалыматтарды сактоо коопсуздук системасын жакшыртуу жана иштетүү мүмкүнчүлүгүн жаңылоо маанилүү болуп саналат. Бирок пландаштырылган которуу/ өткөрүү операциясы узак убакытка созулду, бул карта жана мобилдик тиркемелердин иштөө системасында бузулууларга алып келди.

Өз кезегинде, биз бардык кардарларыбызга банкта сакталып турган баардык каражаттар ордунда экенине, бул биз жойгон мобилдик тиркеменин гана техникалык кемчиликтери экенине жана анын келечекте толук жоюлушунун үстүндө иштеп жатабыз деп ишендирип кеткибиз келет. Азыркы учурда, система кээ бир нерселерди экске албаганда, кайра штаттык режимине келди. Банкоматтар, ПОС-терминалдар жана төлөм кабыл алуу терминалдары иштей баштады.

Optima24 мобилдик тиркемеси толук ишке киргизилди; төлөмдөр жана которуулар мурунку режимде иштейт, бирок айрым учурларда бузулуулар/каталар байкалышы мүмкүн, алардын үстүнөн азыр иштеп жатабыз. «Оптима Банк» жеке маалыматтарды коргоого жана коопсуздугун камсыз кылууга зор көңүл бурат. Ошондуктан банк тарабынан кабыл алынган чаралар жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүгө салым кошот.

Ушул коопсуздукту жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген жана операцияларды жүргүзүү ылдамдыгын көбөйткөн техникалык операциясынын маанилүүлүгүнө карабастан, биз түзүлгөн кесепеттердин жоопкерчиликтүүлүгүн түшүнөбүз жана биздин кардарларга карталарды жана мобилдик тиркемени колдонууда пайда болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап кетебиз.

«Оптима Банк» ААК өз кардарларынын ишеничин жогору баалайт жана кылынган кызматтарды жана сервистерди жакшыртуу боюнча иштерди тез арада баштоо үчүн бардык сын-пикирлерди эске алат.

 

МААЛЫМАТ: 

Jusan Bank жөнүндө

 Казакстан базарында 1992-жылдан бери иштеп келген Jusan Bank (Jýsan Bank - "Жусан банк" деп аталган чекене бренди менен First Heartland Jusan Bank),First Heartland Securities инвестициялык компаниянын туунду уюму болуп саналат. Салттуу банктык сервистердин кеңири линейкасынан тышкары Банк Jusan финансылык тобунун компанияларынын продуктуларын жана кызматтарын бириктирген өздүк экосистеманы өнүктүрөт: Jusan Invest брокердик кызматтар жана Jusan Garant камсыздандыруу кызматтары. https://jysanbank.kz/


«Оптима Банк» ААКу жөнүндө

 «Оптима Банк» Кыргызстандын ар кайсы облустарында элүү жакын өкүлдүгү Кыргызстандагы ири банк. «Оптима Банк» ишенимдүүлүк, сапат, бизнести таза жүргүзүү жана өнүккөн корпоративдик маданият принциптеринин негизинде иш алып барат. Банк эки жылдан ашык убакыттан бери жогорку финансылык көрсөткүчтөргө жетишкен жана Кыргыз Республикасынын алдынкы, туруктуу жана өнүгүп келе жаткан банктарынын бири болуп саналат..

Толук маалымат банктын www.optimabank.kg расмий сайтында жеткиликтүү.

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

22.09.2021 Сатып алуу Сатуу
USD 84.7500 84.9000
EUR 99.0000 100.2000
RUB 1.1600 1.1730
KZT 0.1920 0.2070
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

22.09.2021 Сатып алуу Сатуу
USD 84.6000 84.9000
EUR 98.5000 100.5000
RUB 1.1450 1.1850
KZT 0.1920 0.2070
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

22.09.2021 Сатып алуу Сатуу
USD 84.7500 84.9000
EUR 99.0000 100.2000
RUB 1.1600 1.1730
KZT 0.1920 0.2070
Бардык курстар

КРУБдун курстары

22.09.2021 Курс
USD 84.8000
EUR 99.5043
RUB 1.1584
KZT 0.1992
Бардык курстар
Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 5 миң АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 5 миң АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 5 миң АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.
0