Optima Bank

The Global Economics басылмасынын версиясы боюнча мыкты интернет-банкинг жана мыкты мобилдик тиркемеси үчүн «Oптима Банк» эки сыйлык алды

Атактуу британиялык The Global Economics басылмасынын жылдык сыйлыгын «Оптима Банк» эки категорияда алды: «Оптима24 – Мыкты мобилдик тиркеме» (BestMobileBankingApp - Optima24) жана «Мыкты санарип банкинг» (BestBrandinDigitalBank)

Интернет-банкинг жана тиркеменин ыкчамдыгын жана пайдаланууга жеткиликтүүлүгүн белгилөө менен ушул жылы «Оптима Банк» дароо эки сыйлык менен сыйланды. Оптима24 бул Android, WindowsPhone жана IOS платформаларында сунушталган мобилдик тиркеме. Тиркеме өздүк каражаттарды мобилдик байланыш жана вэб интерфейс аркылуу онлайн режиминде бир заматта жана натыйжалуу күнү-түнү башкарууга мүмкүнчүлүк берет.

    Банк маалыматтарды сактоо коопсуздугун жана мобилдик тиркеменин ишин жакшыртууга өтө олуттуу карайт. Оптим24 дайыма өзгөрүп турат жана жаңы, новатордук технологияларды колдонот. Пайдаланууда өтө ыңгайлуу болгондугунан сырткары, тиркеме өтө функционалдуу: Оптима24 жардамы менен колдонуучулар банк операцияларын жүргүзө алат, акысыз эсептерди жана айыптарды төлөй алат, уюлдук байланыш балансын толуктап жана дагы көп нерселерди жасай алышат. Ошол эле учурда Оптима24 интернет иштеп турган каалаган жерде жана каалаган убакта каражаттар боюнча зарыл болгон маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурдагы санариптештирүү шарттарында интернет-банкинг айрыкчалыктан зарылчылдыкка өтүүдө. Өз кезегинде «Оптима Банк» учурдагы коопсуз жана ыкчам онлайн банкинг керектөөлөрү менен бирге өнүгүүдө. 

    The Global Economics бул кадыр-барктуу британиялык басылма, ал жылына эки жолу чыгат. Бизнес журналында дүйнө жүзү боюнча ар түрдүү тармактарда каржылык сектор жөнүндө толук маалымат камтылган. Глобалдык экономика жаатындагы айрым өлкөлөр үчүн болгон ар жылдык сыйлыктардын престиждүү программасы басылманын өзгөчөлүгү болуп саналат, анын алкагында дүйнө жүзү боюнча ар кандай финансылык чөйрөлөрүнүн мыкты аткаруучулары аныкталат жана сыйланат.

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

22.09.2021 Сатып алуу Сатуу
USD 84.7500 84.9000
EUR 99.0000 100.2000
RUB 1.1600 1.1730
KZT 0.1920 0.2070
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

22.09.2021 Сатып алуу Сатуу
USD 84.6000 84.9000
EUR 98.5000 100.5000
RUB 1.1450 1.1850
KZT 0.1920 0.2070
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

22.09.2021 Сатып алуу Сатуу
USD 84.7500 84.9000
EUR 99.0000 100.2000
RUB 1.1600 1.1730
KZT 0.1920 0.2070
Бардык курстар

КРУБдун курстары

22.09.2021 Курс
USD 84.8000
EUR 99.5043
RUB 1.1584
KZT 0.1992
Бардык курстар
Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 5 миң АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 5 миң АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 5 миң АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.
0