Optima Bank

Кыргыз Республикасынын Банктар Союзу: Бардык коммерциялык банктар штаттык режимде иштешет жана банктык кызматтардын толук спектрин ырааттуу түрдө көрсөтөт

Мессенджерлерде жана социалдык тармактарда таркатылып жаткан айрым банктардагы эсептерди жабууга чакырыктар менен терс маалыматтарды таратуу фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу Кыргызстан Банктар Союзу расмий түрдө төмөнкүлөрдү билдирет: бул маалымат жалган, анын максаты Кыргыз Республикасынын банк секторун туруксуздаштыруу болуп саналат!

«Учурда бардык коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, банктык кызматтардын толук спектрин ырааттуу түрдө көрсөтүүдө. Коммерциялык банктардын ишинде эч кандай өзгөрүү жок, алар кадимкидей иштеп, кооптонууга негиз жок. Коңшу мамлекеттеги азыркы кырдаал биздин өлкөдөгү банктардын туруктуулугуна эч кандай таасир этпейт, - Абдраев Анвар, Кыргызстан банктар союзунун президенти.

2022-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилигинин коммерциялык банктардын, Кыргызстан банктар союзунун, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКсынын жана Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жетекчилери менен жолугушуусунда, Катышуучулар банк тутуму туруктуу жана стабилдүү экендигин, демек, банктардын кардарларынын, аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун тынчсыздануусуна негиз жок экендигин белгилешти. Мындан тышкары, биздин республикада акчалай аманаттардын ээлери акчасын жоготуудан корголгон, анткени 2008-жылдан бери республикада депозиттерди камсыздандыруу боюнча атайын уюм – Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иштеп келет.

Банктардын ишине тиешелүү бардык тиешелүү маалыматтар банктардын расмий каналдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий билдирүүлөрүндө жарыяланат.

Коммерциялык банктар 24/7 режиминде аралыктан банк тутумдары аркылуу накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн, банкоматтардын жана терминалдардын үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздайт. Улуттук банк тарабынан сунушталган системалык жөнгө салуучу кырдаалга дайыма мониторинг жана контролдукту жүзөгө ашырат жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын мындан ары туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

Кыргызстандын Банктар Союзу коммерциялык банктардын кардарларын маалыматтын тууралыгын текшерип, атайылап тараган жалган ушак-айыңдарга ишенбөөнү өтүнөт. Ошондой эле, сак болушуңуздарды суранабыз, анткени ар кандай шылуундар өздөрүн банк кызматкери катары көрсөтүп, сиз тууралуу маалымат сурап кайрылгандар активдешип кеткен. Банктын адистеринде бардык керектүү маалыматтар бар экенин эскертебиз. Эгерде сиз шектүү аракеттерди аныктасаңыз, сизден картаңыздын маалыматтарын, SMS коддоруңузду бербөөнү жана чалууну токтоосуз токтотууну суранабыз. Суроолоруңуз болсо, банкка түз кайрылыңыз.

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

30.05.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.5000 88.1000
EUR 93.7000 94.7000
RUB 1.0800 1.1000
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

30.05.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.3000 87.6400
EUR 93.7000 94.7000
RUB 1.0500 1.1200
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

30.05.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.5000 88.1000
EUR 93.7000 94.7000
RUB 1.0690 1.1000
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

КРУБдун курстары

30.05.2023 Курс
USD 87.5900
EUR 93.9228
RUB 1.0852
KZT 0.1971
Бардык курстар
*Ушул Тартипте белгиленген нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары юридикалык жактардын кардарлары жана жеке ишкерлер үчүн колдонулат.

Жеке жактардын талап кылынган эсептери боюнча, анын ичинде Optima24 тиркемеси аркылуу конверсиялык операциялар үчүн ушул Тартипте белгиленген нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары колдонулат.

Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 25 000 АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 25 000 АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 25 000 АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.