Optima Bank

Банктын тарыхы

2020-ж.

202-жылдын 30-декабры. Казакстандын жана Кыргызстандын жөнгө салуучу органдарынын жактыруусун алгандан кийин, Jýsan Bank Кыргызстандагы «Оптима Банк» ААКсынын башкы компаниясы АТФБанктын 99,76% акциясын сатып алды.

Келишим шарттарына ылайык, 124 млрд тенге (24 млрд сом) өлчөмүндөгү АТФБанктын жеке капиталы кошумча првизияларды түзүү үчүн пайдаланылган. Иштеп жаткан акционер тарабынан чыгымдар жабылгандан кийин, Jýsan Bank жөнгө салгычтын талаптарына ылайык, жеке капиталынын жетиштүү деңгээлин түзүү менен, 97 млрд тенге (19 млрд сом) суммасында АТФБанкты докапитализация жүргүзүгөн.

Кардарларды тейлөө боюнча  «Оптима Банктын» күндөлүк сервистери кадимки режимде иштөөнү улантууда.

Оптима Банк үчүн, башкы компания   АТФБанктын чыңдалышы жана күчтүү Jýsan финансылык тобуна кириши, жаңы санариптик сервистерди өнүктүрүүнү жана ишенимдүүлүктү тастыктоо болот. Бул окуя  санариптик банкка  трансформациялоону тездеттери күтүлүүдө жана биздин кардарлардын бакубат жашоосунун өсүүсүнө жардам берет.

2013-жылдын 2-майы. «КазНитрогенГаз» ЖЧК жана  UniCredit Bank Austria казакстандык   «АТФБанк» АКында ("ЮниКредит Банк" ААКсынын башкы компаниясы) 99,75% үлүшүндө сатуу-сатып алуу келишими аяктагандыгы жөнүндө жарыялашкан. Келишим  2013-жылдын 29-мартында Казакстан Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жактырылган.

2013-жылдын сентябрында Банк өзүнүн ишин Optima Bank деген жаңы прогрессивдүү бренд менен өз ишин уланткан. 

2013-жылдын 3-сентябрынан баштап банктын фирмалык (толук расмий) аталышы:
- орус тилинде:   «Оптима Банк» Ачык Акционердик Коому
- кыргыз тилинде: «Оптима Банк» Ачык Акционердик Коому
- англис тилинде: «Optima Bank» Open Joint-Stock Company.

2010-жылдын 2-июнунан тартып «АТФБанк-Кыргызстан», UniCredit Group - Европанын алдыңкы финансылык тобунун толук укуктуу мүчөсү болгон.  Бул  Банктын аталышында чагылдырылып, ал «ЮниКредит Банк» ААКсы деп өзгөртүлгөн. UniCredit Groupтун күчтүү ресурстары, менеджменттин жогорку стандарттары Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү «ЮниКредит Банк» ААКсынын позицияларын кеңейтүүгө жана күчөтүүгө мүмкүндүк берген.  Бул жылдары Банк бизнести жүргүзүүнүн европалык стандарттарын, дүйнөлүк деңгээлде  кардарларды тейлөө сапатын, кардардын канааттандырылышына дайыма мониторинг жүргүзүү практикасын жайылткан.

2007-жылдын ноябрынан баштап «АТФБанк - Кыргызстан» ААКсы UniCredit Group тобунун мүчөсү статусун автоматтык түрдө кабыл алган жана UniCredit Group тобунун толук укуктуу мүчөсү болуп калган.

Топ жөнүндө кыскача маалымат (2012-жылдагы маалыматтар боюнча):
Дүйнөнүн 22 өлкөсүндөгү UniCredit Group, 40 млн.дон ашык кардарга ээ деп эсептелген. Топтун 10 миңден ашык филиалы бар, Топтун кызматкерлеринин саны 180 миң адамга жеткен. UniCredit Group Европанын алдыңкы финансылык тобуна кирет.  Топтун курамында топтун өзөгүн түзгөн негизги үч банк бар: бул, Германиядагы - HypoVereinsbank, Австриядагы – Bank Austria,  Италиядагы  – Optima.

2007-жылы UniCredit Group (Оптима тобу) бөлүнүшү болгон   австралиялык Bank Austria-Creditanstalt AG банкы  жана «АТФБанк -Кыргызстан» ААКсынын туунду компаниясын камтуу менен, жеке акционер «АТФБанк» АК (Казакстан) ортосунда UniCredit Group  Банкы тарабынан АТФБанк банкынын  акцияларынын контролдук пакетин сатып алуу жөнүндө келишим түзүлгөн:

2007-жылдын 21-июнунда Bank Austria - Creditanstalt AG (Борбордук жана Чыгыш Европадагы коммерциялык жана банктык операциялар үчүн  UniCredit Groupтун бөлүнүшү)  менен "АТФБанк"   АКнын жеке акционерлери АТФБанктын  мажоритардык акцияларын  сатып алуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

2007-жылдын ноябрында Борбордук жана Чыгыш Европадагы коммерциялык жана банктык операциялар үчүн  UniCredit Groupтун бөлүнүшү н  Австрии Кредитанштальт (ВА-СА) Австрия банкы «АТФБанк» АКы тарабынан чыгарылган акционердик капиталдын жалпы санынан 91,8%ды сатып алуу процессин аяктаган. Бул бүтүмдүн болжолдуу баасы  2,117 млн. АКШ долларын түзгөн (кезектеги курс боюнча   1,452 млн. еврого  жакын).

2006-жылдын 14-декабрында «АТФБанк - Кыргызстан» ААКсында аталыштын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Банк Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөн.

2006-жылдын 12-декабрында  «Энергобанк»  ААКсынын уставдык капиталы 500 миллион сомго чейин көбөйгөн. «Энергобанк»  ААКсы бул көрсөткүч боюнча Кыргызстандын банк тутумунун лидерлигине чыгат.

2006-жылдын 29-ноябрында «АТФБанк» АКсы  293234250 (эки жүз токсон үч миллион эки жүз отуз төрт миң  эки жүз элүү) сом суммасында «Энергобанк»  ААКсынын  5864685 нуска жөнөкөй акцияларын сатып алган (2006-жылдын 14-ноябрындагы Мамлекеттик каттоо номери KG 0110071014). Бүтүм аяктагандан кийин «АТФБанк» АКсынын үлүшү  94,17%ды түзгөн.

2006-жылдын 20-октябрында   «Энергобанк»  ААКсынын   акционерлердин кезексиз  жалпы чогулушу болгон. Чогулуштун жүрүшүндө Директорлор Кеңешинин  жаңы курамын  киргизүү, ошондой эле  «Энергобанк»  ААКсынын    аталышын  кайрадан өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Чогулуштун жыйынтыгы боюнча Директорлор Кеңешинин  жаңы курамына төмөндөгүлөр кирген:  Куанышев Т.Ж. – Директорлор Кеңешинин  төрагасы, Сартказиев Б.Э. – Директорлор Кеңешинин төрагасынын орун басары   жана Директорлор Кеңешинин  мүчөлөрү Машабаева Ф.К., Аскатова Г.М. жана Асанбеков А.К. 

Экинчи маселе боюнча акционерлер банктын жаңы аталышы -  «АТФБанк – Кыргызстан» ААКсын   бир добуштан кабыл алышты.

2005-жылдын  29-ноябрында КРУБдун  Ош шаары, Ош филиалынын Зайнибидинов көчөсүндөгү  борбордук базарда орун алган  аманат кассасы катталган. 2005-жылдын  29-ноябрындагы каттоо № 018-4-04.

2005-жылдын  28-ноябрында  Токмок шаарындагы Совет көчөсү 106 а дареги боюнча жайгашкан «Энергобанк»  ААКсынын   жаңы филиалы иштей баштаган.

2005-жылдын  сентябрында   "АТФБанк"  АКсы экинчи рынокто АКсы «Энергобанк»  ААКсынын   жөнөкөй акцияларын сатып алган, бүтүмдөн кийинки "АТФБанк"  АКсынын үлүшү 73,9%ды түзгөн.

2005-жылдын 14-июлунда «Энергобанк»  ААКсы Кыргызстандын банктарынын ассоциация мүчөлөрүнүн курамына кирген.

2005-жылдын 19-майында «Энергобанк»  ААКсынын  жаңы башкаруучу директорлору болуп, Есекеева Сауле Мнажадиновна менен Давлетов Бабек Имаммусеинович дайындалган.

2005-жылдын 17-майында Директорлор Кеңешинин  чечими менен «Энергобанк»  ААКсынын жаңы  уюштуруу түзүмү  бекитилген.

2005-жылдын 26-апрелинде Банктын жаңыдан шайланган Директорлор Кеңешинин   биринчи отуруму өтүп, анда Банктын башкармалыгынын жаңы курамы бекитилген. «Энергобанк» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп, Шакенов Сабит Шакенович дайындалган.

2005-жылдын 26-апрелинде акционерлердин жалпы чогулушу болгон. Чогулушта  8 эмиссияны чыгаруу жолу менен, «Энергобанк»  ААКсынын жөнөкөй акцияларын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Кошумча эмиссиялардын бүтүндөй көлөмүн "АТФБанк"  АКсы сатып алган. Мындан сырткары, акционерлердин жалпы чогулушу менен 5 адамдан турган Директорлор Кеңеши шайланган. Ага киргендер: Сартказиев Б.Э., Ержанов А.Б., Машабаева Ф.К., Бейсенгалиев Б.Т., Закиров Б.А.

2005-жылдын 9-февралында банктын Тобокелдиктерди башкаруу  жаңы бөлүнүшү  түзүлгөн.

2004-жыл «Энергобанк»  ААКсынын көп жылдык ишинин натыйжалуу көрсөткүчтөр жылы болуп эсептелет.

"АТФБанк"  АКсы менен стратегиялык өнөктөштүк, кардарлар менен ийкемдүү иштөө жана өнөктөштөр менен жемиштүү иш, Банктын динамикалуу өнүгүүсүн алууга мүмкүндүк берди. 2004-жылы Банк  уставдык капиталын   108,6 млн. сомго чейин жеткирген. Бул болсо, адистештирилген банктан универсалдуу банк болуу менен, бардык банктык лицензияларды алууга Банкка мүмкүндүк берген.  Капиталдык базаны чыңдоо, насыялык портфелдин көлөмү боюнча чектөөнү алып салууга мүмкүндүк берди.   Жыйынтыгында бардык факторлор, Банкка 2004-жылы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көбүрөөк деңгээлде ишке ашырууга,  өткөн жылдарга караганда,   32,4 млн. сом өлчөмүндө таза киреше иштеп табууга мүмкүндүк берген.

2004-жылдын 29-ноябрында "Silk Way" соода борборунда жайгашкан №018-0-03 аманат кассасы ачылган.

2004-жылдын 8-октябрында  «Энергобанк» ААКсы  бизнесинин географиясын кеңейткен жана Бишкек филиалынын бет ачарын өткөрөт. Ошентип, Бишкек шаарынын борборунда операциялардын башталышы жөнүндө жарыялайт.

2004-жылдын  октябрында  иштеген жылдар ичинде биринчи жолу жаңы кызмат – жеке банктык уячалар пайда болот. Бул үчүн «Энергобанк» ААКсы, көп деңгээлдеги электрондук коргоо тутуму менен ишенимдүү сактоочу жайды берүү үчүн,   бардык керектүү шарттарга ээ болот. Мындан сырткары, жеке сейфтер күнү-түнү ИИМ жана  коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кайтарылат.

2004-жылдын   16-августунда «Энергобанк»  ААКсы CONTACT  корреспонденттик тармагы алкагында иштөөгө киришет.

2004-жылдын июнунда жаңы технологиялар жана өзүнүн иш ыкмаларын өзгөртүү менен, «Энергобанк»  ААКсы жаңы сапаттуу позицияга чыгат.   Банктын жаңы финансылык туруктуулугун, ага чет элдик инвесторлордун кызыгуулары күбөлөндүрөт.   Казакстандын банк тутумунун лидерлеринин бири - «АТФБанк» биздин өлкөдөгү алдынкы банкка өзүнүн каражаттарын салат. «Энергобанк»  ААКсынын уставдык капиталындагы «АТФБанк» АКсынын үлүшү 34,4 %ды түзгөн.

2004-жылдын июнунда «Энергобанк» ААКсы VISA International төлөм тутумунун ассоциацияланган мүчөсү болуп калат жана өзүнүн эл аралык төлөм карталарын чыгара баштоону пландайт.

2004-жылдын февралынан баштап  «Энергобанк» ААКсы, Европалык Реконструкциялоо жана өнүгүү банкы тарабынан ишке ашырылуучу бизнести микро жана кичи каржылоо программасынын катышуучусу болот.  Бул маанилүү көрсөткүч, кайсы гана  болбосун финансылык мекемелердин натыйжалуу  иши.  Өлкөдөгү болгону 4 банк гана Европалык Реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын ушул программасынын алкагында иштешет. 2004-жылдын 1-июлуна карата «Энергобанк» ААКсы тарабынан 539 миң АКШ долларынан ашык суммадагы долбоорлор - 137-бизнес каржыланган.

2003-жыл «Энергобанк» ААК  Банкын ийгиликтүү деп эсептесе болот. Кардарлар менен ийкемдүү иштөөнүн  жана өнөктөштөр менен жемиштүү кызматташуунун аркасынан,  биздин Банк ийгиликтүү өнүктү. Учурда ал өлкөнүн абдан ири жана ийгиликтүү банктарынын катарына кирет.

«Энергобанк» ААКсынын  финансылык-экономикалык ишиндеги негизги окуя 2003-жылы болгон: 
кошумча жөнөкөй акцияларды чыгаруу боюнча 7-эмиссияны каттоо жана 108,6 млн.сом өлчөмүндө уставдык капиталды жарыялоо;
Банктын уставдык капиталындагы  инвестициялоо жөнүндө  «АТФБанк» АКсы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
АКБ «Промсвязьбанк» (ЖАК) менен агенттик макулдашуу боюнча "MasterCard International" Эл аралык төлөм тутумунун төлөм карталарын чыгаруу.

2003-жылга «Энергобанк» ААКсынын ишинин ийгиликтүү жыйынтыгы болуп,  салык салуудан кийин 18,2 млн. сом өлчөмүндө таза кирешени алуу саналат.  Өткөн жылга салыштырмалуу Банктын таза кирешеси 188,9%га көбөйгөн, бул болсо,  абсолюттук мааниде 11,9 млн. сомду түзгөн.

2003-жылы баланстагы валютанын көбөйүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 63,2%га жүргөн. Баланстагы  валютанын көбөйүүсүнө 71,5%га Банктын милдеттемелерин түзүүчү тартылган ресурстардын көбөйүүсү жана 24,6%га Банктын капиталынын өсүүсү  таасир берген. Тартылган жана иштелип чыккан ресурстар , негизинен жогорку кирешелүү статьялар – активдер-насыяларга жайгаштырылган, алардын көбөйүүсү 2002-жылга салыштырмалуу 23,3%ды түзгөн.

Сунуш кылынган кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү жана тейлөө деңгээлин жогорулатуу менен, Банк жаңы кардарларды, анын ичинде юридикалык жана жеке жактарды тарта алган. Өткөн мезгилдерге салыштырмалуу, кардарлардын өсүү темпи байкалып, ал  149,9%ды түзгөн. Кардарларыбыздын ишеними биз үчүн абдан мыкты сыйлык, алсак, 2003-жылдын майында «Энергобанк» ААКсы “Элдик банк” наамынын жеңүүчүсү болсо, “Кыргызстандагы эң мыкты банк – 2002” улуттук конкурсунда биринчиликти алган. Банк отун-энергетика комплексинде, жеңил жана тамак-аш өнөр жайында, байланыш жана коммуникация, транспорт тармактарында, соода-ортомчулук иш-аракеттер жаатында иштеген өлкөдөгү ири көптөгөн ишканалар менен кызматташат.

2002-жылдагы башкы окуя – банктын 10 жылдык юбилейи. Банк 10 жыл ичинде өнүгүүнүн бардык этаптарын басып өттү,  алдыңкы новатордук технологияларды колдонуу менен, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрүн көрсөткөн Кыргызстандагы заманбап алдыңкы банктарынын бири болуп калды.

Ленин көчөсү 55 дареги боюнча Жалал-Абад шаарында жаңы филиал ачылды.

Өткөн жылга салыштырмалуу баланстагы валютанын көбөйүүсү бир аз болгон, бирок, баланстын түзүмүндө сапаттуу өзгөрүүлөр болгондугун белгилей кетүү керек: капитал 39%га өсүп, милдеттемелер 5%га азайган, жогорку өтүмдүү активдер 75%га өскөн, банктын насыялык портфели 12%га азайган.

Банктын активдеринде  артыкчылыктуу статьялар болуп, насыялоо эсептелет.  01.01.2003-жылга насыялык портфель 191 млн.сомду түзгөн. 2002-жылы калк тарабынан талап кылынган ипотекалык насыялоо киргизилген. Рыноктун күчөтүлгөн конъюнктура жаңы продуктыларды жайылтууга жардам берет. «Энергобанк» ААКсы узак убакытка колдонулуучу товарларга насыялоону киргизүүнү пландоонун натыйжасында, өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн ассортиментин андан ары кеңейтүүнү ниеттенет.

Валюталык рынокто банктын активдүү  ишинин, кардарлык базанын көбөйүүсүнүн жана заманбап кызмат көрсөтүүлөрүнүн түрлөрүнүн  натыйжасында,  операциялык кирешелердин суммасы көбөйгөн; операциялык чыгымдардын үстүнөн операциялык кирешелердин катыштарынын кыскаруусу  бир топ факты болуп эсептелет. Бул көрсөткүч 99%ды түзүп, өткөн 2001-жылга салыштырмалуу 9%га көп.

Өткөн жыл ичинде Банк  6,3 млн.сом сом өлчөмүндө киреше алган – көбөйүү 50,7%.

2001-жылдын июнунда  АБ "Кыргызэнергобанк" «Энергобанк» ААКсы болуп кайрадан аталган.

2001-жылдын 10-сентябрынан баштап, «Энергобанк» ААКсы кеңседеги жабдылган заманбап технологиялар менен  кардарларды тейлей баштаган. Жаңы имаратка көчүү кадарлык базанын өсүүсү менен шартталган, бул болсо, эски кеңседе сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүн эмес эле. 2001-жылга жеке, ошондой эле юридикалык жак катары кардарлардын саны 1105ден  3037ге чейин б.а.  2,7 эсеге көбөйгөн. Банк SWIFT тутумуна кошулган. Бул тутумдун болушу «Citibank», «Societe Generale» сыяктуу жана башка банктар менен корреспонденттик мамилени түзүүгө, ошондой эле төлөмдөр санын 17%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берген.

Банктын  кардардык базасынын өсүүсү, Каракол шаарында Банктын бешинчи филиалын ачууга шарт түзгөн.  Банктын филиалдык тармагы, республиканын стратегиялык жактан маанилүү шаарлары:  Кара-Балта, Балыкчы, Ош, Талас, Караколдо жайгашкан беш филиал менен көрсөтүлгөн.

2001-жылга валюта балансы 280 598 миңден 363 022 миңге чейин, б.а. 1,3 эсе көбөйгөн.     2001-жылы Банктын позитивдүү өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп, берилген насыялардын көлөмүнүн өсүүсү болуп калды.

Эгерде,  2000-жылы насыялардын портфелиндеги өтө жогору  үлүштү соодага берилген  насыялар түзсө –  бүтүндөй насыялык портфелден 46% болгон. 2001-жылы насыяларды берүү боюнча артыкчылыктуу багыт болуп, өнөр жай болуп калган. Өнөр жай компанияларына берилген насыялардын үлүшү, насыялык портфелдин жалпы көлөмүнөн  48%ды түзгөн.

Активдүү жүргөн операциялар менен катар,  тартылган каражаттар булагында өзгөртүүлөр жүргөн. Баланстын пассивдүү бөлүгүнүн көбөйүүсү, депозиттик базанын 1,2 эсеге өсүүсүнүн эсебинен болгон. Абдан жогорку өсүү аманат депозиттеринин көбөйүүсүнүн эсебинен болгон. Бул болсо, Банкка болгон ишеним жана чекене банктык бизнес менен байланышкан иш-чаралардын ийгиликтүү  өтүшү, ошондой эле талап кылынган  ишканалардын көбөйүүсүнүн эсебинен болгондугу  жөнүндө билдирет. Бул болсо, жаңы компанияларды тейлөөгө  тартуу жаатында ийгиликтерди чагылдырат.

2001-жылды «Энергобанк» ААКсы  4 198, 0 миң сом өлчөмүндөгү таза киреше менен аяктаган.  Көрсөткүч 2001-жылга финансылык план менен белгиленген  3 000, 0 миң сом деңгээлиндеги пландалган кирешеден 1,4 эсе ашырылган. Валюталык жана баалуу кагаздар рыногундагы тынымсыз иштин, берилген насыялардын көлөмүнүн көбөйүүсүнүн эсебинен, пайыздык кирешелер 30 672 миң сомдон  40 466 миң сомго чейин, б.а. 1,3 эсе көбөйтүлгөн.  Жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн киргизилиши жана кардардык базанын көбөйүүсүнүн натыйжасында, 2000-жылга салыштырмалуу операциялык кирешелерди 1,6 эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк болгон.  Банк операциялык чыгымдардын бир катар көбөйгөнүнө карабастан,  Банктын операциялык кирешелери менен операциялык чыгымдарынын ортосунда катышты кыскарта алган, биринчи менен экинчини жабуу жагында.  Эгерде 2000-жылы операциялык чыгымдар буга окшогон чыгымдардын 66%ын гана жапса, 2001-жылдын 1-январына карата операциялык чыгымдар операциялык кирешелер менен 90%га жабылган.

Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда  «Энергобанк» ААКсынын  абалын кароо менен, төмөндөгү өзгөртүүлөрдү белгилей кетүү керек.  Активдер боюнча  Банктын үлүшү  6%дан 9%га чейин, б.а. 3%га, ал эми депозиттик база 4%дан 8%га чейин көбөйгөн. Кардарларга берилген насыялардын көлөмү боюнча 8%дан 14%га чейин, б.а. 6%га. Банк   аралык валюталык рынокто банк операциялар үлүшү боюнча  өзүнү позициясын сактап калган. Жогоруда саналып өткөн позициялар боюнча «Энергобанк» ААКсы, Кыргыз Республикасынын ири банктарынын бешилтигине кирет.

АБ "Кыргызэнергобанк" капитализациялоонун 50 миллиондук чегин  жеңип чыккан банктардын катарына кирет.  Бул факт, ири компаниялар жана акционерлер тарабынан ишенимди күбөлөндүргөн,   Банктын ийгиликтүү ишинин  маанилүү көрсөткүчү катары каралат.

2000-жылы АБ "Кыргызэнергобанк" ишинде биринчи жолу пластикалык карталар менен тейлөөнү баштаган. "MasterCard", "EuroCard", "Visa" эл аралык төлөм тутумдарынын пластикалык карталары боюнча акчалай берүү терминалдары орнотулуп иштей баштаган.

1999-жылы прогрессивдүү өнүгүүнүн натыйжасында АБ "Кыргызэнергобанк" Кыргыз Республикасынын финансылык рыногунда өзүнүн позициясын бекемдеген жана Республикадагы туруктуу банктардын бири болуп калган.

Банктын 1999-жылга  таза кирешеси 2 019,1 миң сомду түзгөн, бул болсо, 1998-жылга салыштырмалуу 84%га жогору.  Банктын активдеринин суммасы бир кыйла өскөн. 01/01/2000-жылдагы абал боюнча алардын көлөмү  131 миң сомду түзүп, 1998-жылга караганда  263%га көп болгон. 1999-жылы Банктын милдеттемелери 338%га көбөйгөн.

Филиалдык тармактарды андан ары кеңейтүүнү натыйжасында, Балыкчы  жана  Кара-Балта шаарларында эки филиал ачылган.

Топ-менеджерлердин жаңы командасынын келиши. Банктын ишинин негизине адам ресурстарын башкаруудагы жана кардардын керектөөсү боюнча бизнести багыттоого сапаттуу жаңы мамилелер турат. Мына ушул учурдан баштап Банк кирешелүү ишти жүргүзөт.

Административдик-командалык тутумдан рынокко карай өтүү процесси, натыйжада убактылуу администрацияны киргизүү болуп эсептелген  олуттуу көйгөйдүн пайда болуусу себеп болуп калды.

Уюштуруучулардын курамы өзгөргөндөн кийин, Банк энергетиканы өнүктүрүү жана реконструкциялоочу Кыргыз коммерциялык банкы АБ «Кыргызэнергобанк» болуп кайрадан аталган. Иштин негизги максаты – республиканын отун-энергетикалык комплексин колдоо.

1992-жылдын 7-майы. 

«Кыргызмелбизнесбанк» -ишкерликке жардам берүүчү Кыргыз коммерциялык банкынын түзүлүшү.  

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

31.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.4000 88.3000
EUR 95.3000 96.3000
RUB 1.1200 1.1500
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

31.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.0000 87.4700
EUR 95.0000 96.0000
RUB 1.0900 1.1700
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

31.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.4000 88.3000
EUR 95.3000 96.3000
RUB 1.1080 1.1500
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

КРУБдун курстары

31.03.2023 Курс
USD 87.4200
EUR 95.0693
RUB 1.1334
KZT 0.1951
Бардык курстар
*Ушул Тартипте белгиленген нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары юридикалык жактардын кардарлары жана жеке ишкерлер үчүн колдонулат.

Жеке жактардын талап кылынган эсептери боюнча, анын ичинде Optima24 тиркемеси аркылуу конверсиялык операциялар үчүн ушул Тартипте белгиленген нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары колдонулат.

Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 5000 АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 5000 АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 5000 АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.