Карьера
«Оптима Банк» ААКсында иштөө, келечекте алдыга карай өсүү жана ийгиликтүү карьера үчүн күрөө жана негиз болуп эсептелет!
Биз, жогорку натыйжаларды көрсөтө алган жана олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө жөндөмдүү тажрыйбалуу жана кесипкөй инсандар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Банктын кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу курстарында окушуп, менеджменттик тренингдерге жана мастер класстарга катышышат. «Оптима Банк» жаңы стандарттарын жайылтуунун жана сунуш кылган сервистин үстүндө иштейт.
Каалоочулардын бардыгы стажировкадан өтүү жана жумушка орношуу үчүн, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дарекке жөнөтүү менен, өзүнүн резюмесин сунуш кылса болот. Резюме төмөндөгүдөй талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен гана кабыл алынат:
- Каттын темасына кайсы орунга талапкер болуп жатканыңызды көрсөтүү;
- Аты-жөнү (толук көрсөтүү керек) боюнча резюмени сактоо;
- Резюмени орус тилинде түзүү;
- Жайгашкан жери: шаарды, штп (шаар тибиндеги айыл) же айылды көрсөтүү.
Эгерде Сиздин тажырыйбаңыз жана кесиптик көндүмдөрүңүз, бош кызмат ордунун талаптарына туура келсе, Сиз менен таржымалда көрсөтүлгөн байланыш маалыматтары боюнча байланышабыз.
Биздин Банкка кызыкканыңыз үчүн, ыраазычылык билдиребиз.