Optima Bank

Даттанууларды жана сунуштарды берүү тартиби

Урматтуу кардарлар!

Биздин тейлөөбүздү жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү Сиздердин каалоолоруңузду укканга кубанычтабыз.  Сиздер биздин банктык “оркестрге”  мыкты ойноого жардам бере турган өз алдынча “дирижёр” ролунда чыксаңыз болот. Ошондуктан, биз ар бир кардарга “Биздин дирижёр  болуңуз”  деп кайрылабыз.

Биздин максат – мыкты тейлөө аркылуу кардарларды канааттандыруунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу.  Ошондуктан, Сиздердин сунуштар, каалоолор жана сын-пикирлерди биз абдан кылдаттык менен карап чыгабыз, алар биз үчүн абдан маанилүү маалымат болуп эсептелет.  Сиздердин сунуштар, каалоолор жана сын-пикирлерди Сизге ыңгайлуу болгон ар кандай формада кабыл алууга даярбыз:

  • Банктын бардык бөлүмдөрүндө турган китептер жана даттануулар жана сунуштар үкөгү аркылуу;
  •   «Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.» электрондук почта аркылуу;
  •   Банктын расмий сайтындагы  “Сын-пикирлер жана даттануулар” шилтемеси аркылуу  (http://www.optimabank.kg/kg/comments-and-complaints/leave-a-suggestion.html);
  • 720070,  Кыргыз Республикасы,  Бишкек шаары,   Жибек – Жолу пр., 493 почталык дареги боюнча кат аркылуу.
  • Күнү-түнү иштеген Контакт-борбору аркылуу:   (312) 90 59 59, 0- 800-100-00-00 («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуулар акысыз ) номерлери боюнча;  Beeline и Megacom абоненттери үчүн    1001 кыска номери боюнча;  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почта боюнча;

Коммуникациянын тандалган каналына карабастан, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү; байланыш маалыматтарыңызды – почталык даректи, телефон номерин, электрондук почтанын дарегин көрсөтүүнү суранабыз.

Кардар Банктын жетекчиси же филиалдын жетекчиси жеке кабыл алуусу жөнүндө өтүнүч менен Банкка кайрылууга укуктуу. Жетекчилердин кабыл алуусу Банктын жумушчу сааттарынын ичинде кайсы гана убак болбосун кабыл алышы мүмкүн.

“Оптима Банк” ААКсы кардарлардын даттанууларына жана сунуштарына жазуу жүзүндө  жооп берет, эгерде алар анонимдүү болбосо. Кайрылууну кароо жана жооп даярдоо мөөнөтү, кайрылууну каттаган күндөн баштап, 10 жумушчу күнүн түзөт. Эгерде Сиздин кайрылууңуз көп убакытты талап кылса, Сизге бул жөнүндө кошумча маалымат берилет.

“Оптима Банк” ААКсынын кардарларынан даттанууларды жана сунуштарды кабыл алуу жана кароо жөнүндө Жободон алынган көчүрмө менен төмөндөгү шилтемеден таанышсаңыз болот:   

             Биз кардарлардын сын-пикирлерине ыраазычылык  билдиребиз жана тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн аларды колдонобуз. Сиздердин ар бир кайрылууңуздар – биздин жалпы ийгилигибизге карай дагы бир кадам, Сиздердин биздин Банкка болгон белек.

Бизге  ишеним арткандарыңызга, рахмат!   “Оптима Банкка” кош келиңиздер!

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

31.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.4000 88.3000
EUR 95.3000 96.3000
RUB 1.1200 1.1500
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

31.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.0000 87.4700
EUR 95.0000 96.0000
RUB 1.0900 1.1700
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

31.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.4000 88.3000
EUR 95.3000 96.3000
RUB 1.1080 1.1500
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

КРУБдун курстары

31.03.2023 Курс
USD 87.4200
EUR 95.0693
RUB 1.1334
KZT 0.1951
Бардык курстар
*Ушул Тартипте белгиленген нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары юридикалык жактардын кардарлары жана жеке ишкерлер үчүн колдонулат.

Жеке жактардын талап кылынган эсептери боюнча, анын ичинде Optima24 тиркемеси аркылуу конверсиялык операциялар үчүн ушул Тартипте белгиленген нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары колдонулат.

Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 5000 АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 5000 АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 5000 АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.