Optima Bank

Compliance-контроль

Терроризмди каржылоо жана мыйзамсыз алынган кирешелерди легализациялоо (изин жашыруу) үчүн  аспап катары Банкты пайдаланууга жол бербөө, ошондой эле Банктын  жана анын кардарларынын ишкер кадыр-баркын коргоо максатында, “Оптима Банк” ААКсында терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган  кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы күрөшүү боюнча саясат (ТККЛС) колдонулат.

Колдонуудагы Банктын саясаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана эл аралык стандарттарга жооп берет.  Банктагы саясаттын негизинде төмөндөгүлөр негизги багыттары болуп эсептелген, ТККЛС боюнча ички контролдоо тутуму иштейт:   

  • терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган  кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга)   багытталган  чараларды иштеп чыгуу жана тутумдаштыруу; 
  • талап кылынган документтердин жана анкеталык маалыматтардын негизинде, Банктын кардарларын идентификациялоо жана изилдөө – “Өз кардарыңды тааны” принциби;
  • терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган  кирешелерди легализациялоо  (изин жашыруу)   менен байланышкан операцияларды аныктоо жана  токтотуу;   
  • Банктын кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган  кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы күрөшүү боюнча ишке Банктын бардык кызматкерлеринин катышуусун  камсыз кылуу;
  • күмөндүү  кардарларды  жана операцияларды, ошондой эле милдеттүү түрдө контролдоого тиешелүү болгон операцияларды өз учурунда аныктоо максатында,  программалык камсыздоону жакшыртуу;     
  • маалыматтарды документке негиздеп белгилөө,  ошондой эле  терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган  кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында алынган документтерди жана маалыматтарды сактоо;       
  • терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган  кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатка жардам берүү.

Ички контролдоо тутумун уюштуруу жана  саясат менен белгиленген максаттарга жетүү үчүн, Банкта 2006-жылдан бери Комплаенс – Контролдоо башкармалыгы иштейт.

«Оптима Банк» ААКсында эсептерди ачуу жана тейлөө үчүн талап кылынган   документтер менен анкеталардын тизмесине түшүнүү менен карооңузду Сизден суранабыз, анткени бул,  мыйзамдарды сактоо жана Банктын  жана анын кардарларынын ишкер кадыр-баркын коргоо максатында  зарыл нерсе.  

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

09.06.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.5000 88.0000
EUR 94.2000 95.2000
RUB 1.0550 1.0800
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

09.06.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.3000 87.6400
EUR 94.2000 95.2000
RUB 1.0300 1.1000
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

09.06.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.5000 88.0000
EUR 94.2000 95.2000
RUB 1.0440 1.0800
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

КРУБдун курстары

09.06.2023 Курс
USD 87.5100
EUR 93.8676
RUB 1.0702
KZT 0.1967
Бардык курстар
*Ушул Тартипте белгиленген нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары юридикалык жактардын кардарлары жана жеке ишкерлер үчүн колдонулат.

Жеке жактардын талап кылынган эсептери боюнча, анын ичинде Optima24 тиркемеси аркылуу конверсиялык операциялар үчүн ушул Тартипте белгиленген нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары колдонулат.

Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 25 000 АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 25 000 АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 25 000 АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.