Optima Bank

«Оптима Банк» - ASIAN CUP and CENTRAL ASIAN CHAMPIONSHIPдун башкы демөөрчүсү

 

2019-жылдын 29-30-июнунда Чолпон-Ата шаарында “Оптима Банктын” колдоосу менен, башкы спорттук иш-чара - Asian Cup and Central Asian Championship (Азия кубогу жана Борбордук Азия чемпионаты) өтөт. Анын негизги максаты болуп,   триатлонду, ошондой эле Кыргызстандагы активдүү жана спорттук жашоо образын жайылтуу болуп эсептелет.

«Оптима Банкка» спорт менен байланышкан социалдык маанилүү долбоорлорду колдоо маанилүүү, буга байланыштуу, бул иш-чарада «Оптима Банк» триатлон боюнча мелдешти өткөрүүдө Башкы демөөрчү болот.

Турнирге профессионалдар, ошондой эле спортту сүйүүчүлөр катары 300дөн ашык  спортсмен катышат. Өздөрүнүн бул мелдешке катышуусун: Казакстан, Украина, Өзбекстан, Монголия, Гонконг, Сирия, Япония, Тайвань, Катар өлкөлөрү тастыкташты. Борбордук Азия чемпионаты алкагында биринчи жолу U15 (15 жашка чейин) категориясында 2004, 2005 жана 2006-жылы туулган балдар-кыздар катышат.

Иш-чараны уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын  Триатлон федерациясы, Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттик жана Nomad Sport компаниясы. Професстонал спортсмендер үчүн мелдешти байге фонду 10 000$ (700 000 сом), спортту сүйүүчүлөр үчүн өнөктөштөрдөн жана иш-чаранын демөөрчүлөрүнөн байгелер жана белектер каралган.

«Оптима Банк» Кыргыз Республикасындагы абдан маанилүү жана масштабдуу спорттук иш-чарага Башкы демөөрчү болуу менен, өзүнүн салымын кошконго жана уюштуруучуларды колдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугун ыраазчылык билдирет.

Маалымат үчүн:

Триатлон – бул, сууда сүзүү, велосипед жана чуркоо боюнча үч циклдеги спортту өзүнө айкалыштырган спорттун түрү. Анын өзгөчөлүгү, бул спорттун түрүн спортсмен тыныгуусуз жана белгилүү бир убакыттын ичинде аткарышы керек. спорттун олмпидиалык түрү болуп эсептелет. Триатлондун Дуатлон жана Акватлон сыяктуу түрлөрү бар.

Кыргыз Республикасынын   Триатлон  Федерациясы 2015-жылдын 1-апрелинде негизделген. Ал расмий федерация катары Улуттук Олимпиада комитети жана Триатлон эл аралык биримдиги тарабынан таанылган.

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

25.01.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.8000 69.9000
EUR 76.7000 77.5000
RUB 1.1230 1.1350
KZT 0.1800 0.1880
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

25.01.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.8000 77.8000
RUB 1.1180 1.1380
KZT 0.1780 0.1900
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

25.01.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.4000 77.9000
RUB 1.1160 1.1460
KZT 0.1770 0.1920
Бардык курстар

КРУБдун курстары

25.01.2020 Курс
USD 69.8443
EUR 77.1640
RUB 1.1301
KZT 0.1845
Бардык курстар
0