Optima Bank

Бишкек шаарындагы №7 филиалдын салтанаттуу ачылышы

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

Октябрдын башында Бишкек шаарында “Оптимиа Банк” ААКсынын №7 филиалын расмий ачуу салтанаты болду. Мындай маанилүү иш-чараны куттуктоо үчүн, көптөгөн кардарлар жана өнөктөштөр келди. Алар үчүн Кыргыз Республикасынын эл артисти Мирбек Атабековдун катышуусу менен оюн-зоок программасы уюштурулду.   Жаңы филиалдын ачылыш салтанатына  “Оптима Банк” ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Б.С. Капышев жана урматтуу кардарлардын бири У.А. Салымбеков катышып, филиалдын кире беришиндеги кызыл тасманы кесишти.

Ачылуу салтанатында Visa сый акы төлөм карттары жана “Оптима Банктан” көптөгөн азем белектер ойнотулду.

 “Оптима Банк” ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы Б.С. Капышев: “Жаңы филиалдын ачылышы – “Оптима Банк” үчүн өзгөчө окуя болуп эсептелет, филиал ачылган түштүк кичи райондорунун тургундары, жаңы банктык технологияларды жана продуктыларды, кардарлар жөнүндө кам көрүүнү, сервистин жогорку деңгээлин баалайт деп ишенебиз.  “Оптима Банк” – жаңы технологияларга жана санариптештирүүгө багытталган. Инновациялар – бул келечек, кайсы бир учурда алыстан жетүү мүмкүнчүлүгүнүн технологиялары менен бардык кыргызстандыктар колдоноорун түшүнөбүз. Ошондуктан, азыр ОПТИМА24  интернет-банкинг үйдөн чыкпастан туруп, интернет аркылуу алыстан туруп эле көптөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок,  “Оптима Банк”  рыноктун коньюнктурасын кылдаттык менен сезет жана кызматкерлер менен аңгемелешүү аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу менен, көптөгөн кардарлар банкка келээрин  түшүнөт. Ошондуктан,  кардарларды тейлөөнүн жаңы түйүнүн ачуу чечими кабыл алынган, бул жерде кардарлар дүйнөлүк деңгээлдеги сервисти алышат.  Биз дайым алга кадам таштап, биздин артыбыздан кардарларыбызды аярлык менен алып барабыз” - деп, баса белгиледи.    

«Оптима Банк» борбордо жана региондордо тармактаны активдүүү кеңейтүүдө. Өткөн жылы Бишкек шаарында 2 жаңы түйүн – ГУМ жана “Берекет Грандда” ачылган. Бул жылы Каракол шаарында жаңы аманат кассасы ачылган. Жыл аягына чейин Нарында “Опттима Банктын” жаңы филиалынын, Бишкектин чет жакасында кошумча аманат кассасынын ачылышы пландалууда.

Бишкек шаарынын 5 кичи районунда жаңы филиалды ачуу менен, “Оптима Банк” жаңы филиалдардагы тейлөө, жогорку кесипкөйлүк, ыксамдуулук жана сапаты менен кардарларыбызды дайыма кубандырат жеп, ишеним артабыз. Өз кезегинде, Банк Кыргыз Республикасынны бардык региондорунда тармактарын кеңейте бермекчи, анткени, филиалдык тармактарды өнүктүрүү стратегиялык өнүгүүнүн негизги багыт болуп эсептелет.    

  Бишкек шаарындагы №7 филиалдын иштөө режими:

Иш күндөрү:
Дүйшөмбү-жекшемби
Иштоо режими:
09-00дөн 20-00гө чейин
Кардарлар менен иштөө убактысы:
09-00дөн 20-00гө чейин
Тыныгуу:
тыныгуусуз
Дем алыш күндөрү жок.
 

Дареги:   №5 кичи район,  үй №7/3,   Юнусалиев  менен Безымянная көчөсүнүн кесилиши.

Байланыш телефону:  (312) 91 11 45

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

15.11.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.8000 69.9000
EUR 76.7000 77.2000
RUB 1.0870 1.0940
KZT 0.1750 0.1830
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

15.11.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.4500 77.4500
RUB 1.0800 1.1000
KZT 0.1720 0.1870
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

15.11.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7500 69.9000
EUR 76.1000 77.6000
RUB 1.0750 1.1050
KZT 0.1720 0.1870
Бардык курстар

КРУБдун курстары

15.11.2019 Курс
USD 69.8500
EUR 76.8979
RUB 1.0880
KZT 0.1794
Бардык курстар