Optima Bank

«Оптима Банк» Кыргызстанда валюта алмашуу операцияларын тейлөө боюнча мыкты Банк деп таанылды

«Оптима Банк» “The Best Foreign Exchange Bank in Kyrgyzstan for 2020” (Кыргызстанда 2020-ж. валюта алмаштыруу операцияларын тейлөө боюнча  мыкты Банк) рейтингинде мыкты банк деп таанылды, аны  кадыр-барктуу Global Finance эл аралык  журнал түзөт.

Талапкерлерди баалоодо,  транзакция көлөмү, рыноктогу үлүшү, глобалдуу камтуу көлөмү, кардарларды тейлөө деңгээли, атаандаштык баалар жана инновациялык технологиялар сыяктуу критерийлер эске алынган.  Global Finance ошондой эле, тармактык аналитиктердин, компаниялардын жетекчилеринин жана технологиялар боюнча  адистердин пикирлерин эске алган. Изилдөө  дүйнөнүн 13 өлкөсүн жана 6 регионун камтыган. Талдоо алкагында, 2019-жылы финансылык институттардын ишин мүнөздөгөн маалыматтар каралган.

«Оптима Банк» рынок тенденцияларын болжолдоодо стратегиялык көрө билүүнү  жана ошол эле учурда валюталык рыноктун өзгөрүүлөрүнө карата ыңгайлашууда кардарларга колдоо көрсөткөн. 

Валюталык курстарды заманбап оңдоо, чет элдик валюта менен иштөө ыкмасын мыкты билүү, чет элдик валютада тейлөө сапатын жогорулатууга жардам берген.

«Оптима Банк» кардарларды ишенимдүү колдоого, транзакциялардын  жөнөкөй жол-жоболорун жайылтууга жана аларды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга  аракет кылат.

Таасирдүү финансылык-аналитикалык Global Finance журнал тарабынан   «Оптима Банкка» ыйгарылган бирден бир сыйлык эмес тигин, белгилей кетүү керек. 2019-жылы   «Оптима Банк»  “Кыргызстандагы - 2019-жылдагы мыкты банк”  («The Best Bank in Kyrgyzstan for 2019») - артыкчылыктуу сыйлыкты  алган.   

Global Finance – эл аралык банктык коомчулукта эмгеги сиңген  жана абдан кадыр-барктуу    тармактык басылманын бири. Журнал өзүнүн талдоосунда сандуу факторлорду, ошондой эле  субъективдүү критерийлерди эске алат. Объективдүү критерийлердин санына – санарип чөйрөсүнө кардарларды тартуу жана тейлөө стратегиясы, колдонуучулар базасынын өсүүсү, санарип продуктыларынын функционалдуулугу, ошондой эле  бизнестин жана инновациялык сервистердин жаңы багыттарын өнүктүрүү кирет.  Субъективдүү критерийлер аналитиктердин, банктык консультанттардын жана эл аралык деңгээлдеги жана башка тармактык кесипкөйлөрдүн жана  банктык консультанттардын пикирлерин камтыйт. Global Finance сыйлыгынын жеңүүчүлөрү, дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндөгү финансылык уюмдардын арасынан тандалат.

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

18.01.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.8500
EUR 77.0000 78.0000
RUB 1.1300 1.1400
KZT 0.1800 0.1880
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

18.01.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 77.2500 78.2500
RUB 1.1230 1.1430
KZT 0.1780 0.1900
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

18.01.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.6500 69.8500
EUR 76.8000 78.3000
RUB 1.1200 1.1500
KZT 0.1770 0.1920
Бардык курстар

КРУБдун курстары

18.01.2020 Курс
USD 69.8300
EUR 77.7592
RUB 1.1348
KZT 0.1853
Бардык курстар
0