Optima Bank

2019-жылы «Оптима Банк» катары менен тогузунчу жылы Кыргызстандагы №1 Банк болуп

“Жыл тандоосу” эл аралык фестивалдын катышуучуларын жыл сайын сыйлоо салтанатында “Оптима Банк”  “Кыргызстандагы №1 Банк” номинациясынын жеңүүчүсү болуп таанылды.  Бул - “Кыргызстандагы №1 Банк” ардактуу сыйлыгын «Оптима Банк» тогузунчу жолу алып жатат.

«Оптима Банк» 2019-жылдын ноябрына карата, рыноктогу активдер боюнча  -  15%,  кредиттик портфель боюнча  -  17%, кардардык депозиттик база боюнча  - 15% жана капитал боюнча   – 13% үлүш менен, негизги финансылык көрсөткүчтөр боюнча  Кыргыз Республикасынын банктык секторунун лидери позициясын сактап келет.   Жылдар бою ийгиликтүү иши үчүн  “Оптима Банк”, Кыргыз Республикасыдагы банктык сектордун рейтинг тобуна ишенимдүү кирген,    ишенимдүү жана натыйжалуу иштеген финансылык институт болуп эсептелүү укугуна татыктуу болду. 

2019-жыл  “Оптима Банк”   үчүн ийгиликтүү жыл болду жана бир катар маанилүү окуялар белгиленди. Банк  бир катар кеңейип, Бишкек шаарында,   «Дордой – Дыйкан» базарында жана Нарын шаарында – үч жаңы кеңсе ачылды. Кыргыз-Россия өнүгүү фонду “Оптима Банк”   үчүн,  кичи жана орто ишкердик чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 10 млн АКШ доллары суммасында  кошумча кредиттик лимитти белгилөө жөнүндө чечим кабыл алган. Банкта эмгек акы долбоорлорун тартуу боюнча  иштер жүргүзүлгөн жана бир кыйла сезилээрлик натыйжа алып келген, накталай эмес төлөмдөрдү активдештирүүгө багытталган акциялар өткөрүлгөн. 

“Оптима Банк”   үчүн социумду өнүктүрүү менен байланышкан социалдык маанилүү долбоорлорду колдоо мааниге ээ. Буга байланыштуу, 2019-жылы “Оптима Банк”    триатлон боюнча  Борбордук Азия чемпионатынын(Asian Cup and Central Asian Championship). Жана  Азия Кубогунун  башкы демөөрчүсү болгон. Ошондой эле, ушул жылы Банк  КРУБдун жетекчилиги менен өткөрүлгөн балдар жана жаштар үчүн Global Money Week (Глобалдуу акча жумалыгы – 2019) финансылык билим берүүнүн дүйнөлүк жумалыгына колдоо көрсөткөн.  «Оптима Банк» социалдык жооптуу компания, ал Кыргызстандагы демөөрчүлүк жана кайрымдуулук иштерине өзгөчө көңүл бурат, калктын социалдык жактан корголбогон катмарына жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берип келет. Бир канча жылдардан бери Ош шаарындагы “Боорукердик”  интернат үйүнө жана “Каракол” балдар үйүнө, Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык интернет үйүнө жана Бишкек шаарындагы  аутизм ооруган балдардын ата-энелеринин “Колдон колго” Коомдук бирикмесине жардам берет.

“№1 Банк” сыйлыгын тапшыруу салтанатына, өлкөнүн бардык региондорундагы “Оптима Банктын”    филиалдарынын директорлору чакырылып, аларга 2011-жылдан бери “Жыл тандоосу” фестивалында алынган  бардык “№1 Банк”  сыйлыктарын көрсөтүү урматы берилген. Интеллектуалдык капитал – банктын баа жеткис  активдеринин  бири.  27-жылдан ашык ийгиликтүү иши, корпоративдүү социалдык  жоопкерчилик принциптерин сактоо, жаңы технологияларга инвестициялоо жана адам капиталы, «Оптима Банкка» банктык сектордогу лидердик позицияны бекем сактоого жана  чындыгында эле “Кыргызстандагы №1 Банк” болууга мүмкүндүк берет. 

Мурда   «Оптима Банк» “The Best Foreign Exchange Bank in Kyrgyzstan for 2020”    (Кыргызстанда 2020-жылы валюта алмаштыруу операцияларын тейлөө боюнча  мыкты банк) рейтингинде мыкты банк болуп таанылган, аны кадыр-барктуу  Global Finance эл аралык журналы түзөт. Ошондой эле, европалык кадыр-барктуу  ишкер  Global Banking & Finance Review  басылмасынын рейтингине ылайык,  Optima24 интернет – банкинг  катары менен экинчи жылы  Кыргызстандагы 2019-жылдагы мыкты мобилдик тиркеме болуп таанылган.

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

27.02.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.8000 69.9000
EUR 76.1500 76.7500
RUB 1.0620 1.0720
KZT 0.1800 0.1880
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

27.02.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7500 69.9000
EUR 75.9500 76.9500
RUB 1.0550 1.0800
KZT 0.1780 0.1900
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

27.02.2020 Сатып алуу Сатуу
USD 69.8000 69.9000
EUR 75.3500 76.8500
RUB 1.0480 1.0830
KZT 0.1770 0.1920
Бардык курстар

КРУБдун курстары

27.02.2020 Курс
USD 69.8500
EUR 76.0806
RUB 1.0661
KZT 0.1846
Бардык курстар
0