Optima Bank

Документтик операциялар

Эки он жылдык аралыгындагы Банктын иши, ишенимдүүлүк, сапат, бизнести туура жүргүзүү  жана корпоративдүү маданиятты өнүктүрүү принциптерине негизделген. “Оптима Банктын” маанилүү милдеттеринин бири – өзүнүн кардарлары үчүн ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш, алардын ишенимине татыктуу болуу.  

Банк багыт алган банктык сервистин жогорку деңгээли – бул, барыдан мурда, комплекстүү тейлөө, бекем купуялуулук жана кардардын каалоосун эске алуу менен максималдуу түрдө жеке мамиле кылуу.   

Буга байланыштуу, 2013-жылдан бери  “Оптима Банк” ААКсы соода (документтик) операцияларды жүргүзүүдө биздин кардарларды колдоо боюнча таптакыр жаңы мамиле кылууда. 

Банктын жогорку квалификациялуу кызматкерлери консультация беришет жана Келишимди даярдоо жана  түзүү учурунан баштап, ошол Келишим боюнча төлөө жүргүзгөн учурга чейин Сиздин келишимиңизди жүргүзөт. 

Биздин Банк  банктык кепилдиктерди жана аккредитивдерди чыгаруу үчүн, Сизге мүмкүнчүлүк берет.

Документтик аккредитив

Кардардын тапшырмасы боюнча, аккредитивдин шарттарына ылайык, товарларды жүктөө боюнча каралган  документтердин пакетин берүү боюнча аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы бенефицарга (товар сатуучуга) төлөө боюнча Банк тарабынан өзүнө алган милдеттемелерди көрсөтөт.

Аккредитивдерди колдонуу кардарларга, ошондой эле Банкка пайдалуу, анткени, келишимдин ар бир катышуучусу өзүнүн укуктары, милдеттери жана операциялардын бардык катышуучуларына коюлган стандарттуу талаптар жөнүндө так түшүнүккө ээ болушу керек. 

Аккредитивдердин артыкчылыктары:

  • Банктын кызматкерлери тарабынан бардык эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, ар бир кардардын алдында  документтик аккредитивдин жеке схемасын иштеп чыгуу;
  • Эл аралык жана ички келишимдерди ишке ашырууда Компания туш келген тобокелдиктерди ишенимдүү камсыздандыруу;
  • Компаниялардын ар кандай соода келишимдери боюнча эсептешүүлөр үчүн, колдонула турган ийкемдүү төлөм каражаты;
  • Келишимдердин аткарылышын Банк аркылуу контролдоо мүмкүнчүлүгү; 
  • Эсептердин ишенимдүүлүгү жана товарларды өз учурунда төлөө кепилдиги;
  • Төлөмдөрдү алуунун тездиги;
  • Аккредитив аркылуу товарларга төлөөгө кепилдик берүү менен Сатып алуучу  Сатуучудан абдан пайдалуу шарттарды алышы мүмкүн, мисалы, жеткирилген товарга төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу;  
  • Эгерде, Сатуучудан алынган документтер аккредитивдин шарттарына туура келбесе (мөөнөтүндө сакталбаса,  сапаты жана саны туура келбесе ж.б.у.с.) анда Сатып алуучу товарларга төлөөдөн баш тартса болот;
  • Банктык аспап, Эл аралык эреже  менен белгиленген жөнгө салуу боюнча эреже жана  көптөгөн кадыр-барктуу эл аралык  уюмдар тарабынан таанылган жана чыгарылган документтик аккредитивдер менен иштөө боюнча практика;
  • Дүйнө жүзү боюнча колдонулган, соода-финансылык келишимдер боюнча төлөөнүн абдан жайылтылган жана таанылган формасы.

Жеке каражаттар жетишпегенде:   

  • Кыска мөөнөттө каржылоонун ыңгайлуу аспабы

Банктык кепилдиктер

Ал, төлөм талаптарына каршы белгилүү бир акча каражаттарынын суммасын төлөө жана негизги келишим боюнча Арыз берүүчү тарабынан анын милдеттемелерин бузуу эмнеден тургандыгы көрсөтүлгөн негиздөөчү арызды жана  төлөө кепилдигин алуучулар тарабынан Банк алдында чакырып алуусуз милдеттемелерди билдирет.

Кепилдиктин артыкчылыктары:  

  •  Банктык кепилдиктин башкы өзгөчөлүгү, ал чакырып алуусуз, б.а. ага берилген кепил, өзүнүн жеке ыктыяры менен, документти чакырып ала албайт.
  • Банктык кепилдик аны камсыздаган негизги милдеттемеден көз карандысыз. Ошондуктан, негизги милдеттемени токтотуу же аны өзгөртүү, өзү менен кошо банктык кепилдикти колдонууну токтотууга жана  өзгөртүүгө алып келбейт.  
  • Нарктын анча жогору эместиги (эгерде аны салыштырсак,  мисалы, банктык насыянын наркы менен).
  • Келишим боюнча тобокелдиктер минимумга чейин кыскарат.
  • Банктык кепилдиктин аркасынан, аванс төлөмдөрүн колдонсо болот. 

Биздин Банктын кызматкерлери тарабынан берилген сапаттуу консультация, Сизге    документтик бизнестин аспаптарынын жардамы менен тобокелдиктерди минималдаштырууга же жоюуга жардам берет.

Сиз, ушул бет ачар менен таанышып, толук маалымат алсаңыз болот.
Бардык кызкытырган суроолор боюнча, төмөндөгү телефондор боюнча Эл аралык операциялар башкармалыгына кайрылууну сунуш кылабыз:  +996 (312) 90-58-58 (ички 1146, 1132) же    Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасы боюнча.

 

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

13.11.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.8000 69.9000
EUR 76.9000 77.4000
RUB 1.0880 1.0950
KZT 0.1750 0.1830
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

13.11.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.6000 77.6000
RUB 1.0830 1.1030
KZT 0.1720 0.1870
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

13.11.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.7000 69.9000
EUR 76.3000 77.8000
RUB 1.0750 1.1050
KZT 0.1720 0.1870
Бардык курстар

КРУБдун курстары

13.11.2019 Курс
USD 69.8426
EUR 77.0294
RUB 1.0928
KZT 0.1798
Бардык курстар