Электрондук кардар
«Online banking» - бул, кеңседеги Сизге кызмат көрсөтүү.
Сизге акча которуу же жана башка кызмат көрсөтүүлөр же төлөө үчүн, ар бир учурда кезекке туруп, Банкка баруунун кереги жок. Сизге баарынан мурун, Интернетке кошулган компьютер жана ачкычы бар маалымат алып жүрүүчү керек.
Бул тутумду колдонуу, Сизге жумушчу убактысын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Анткени, кеңседен чыкпастан туруп, бардык банктык операцияларды жүргүзүүгө жана кезектеги эсептер жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
«Online banking» тутуму - бул:
- Банкка ар кандай финансылык документтерди киргизүү, берүү, иштеп чыгуу;
- Иштеп чыгуу токтотулган документтердеги каталарды көрсөтүү;
- Кардардын эсеби жөнүндө маалымат;
- Чыккан отчёттук формалардын керектүү көлөмүн алуу;
- Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу.
Учурда «Online banking» тутумунда төмөндөгүдөй документтердин түрлөрү менен иштөөгө болот:
Кардардан Банкка:
- Улуттук же чет өлкөлүк валютада төлөм тапшырыктары;
- Валюталарды алмаштырууга табыштама;
- Валюталык акча которууларга арыз;
- Электрондук санариптик кол тамга (ЭСК) тарабынан күбөлөндүрүлгөн кат.
Банктан Кардарга:
- Жооп иретиндеги төлөм документтери;
- Улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсептер боюнча толук көчүрмөлөр;
- КРУБ валюталарынын курсунун, Кардардын эсептеринин жана Кыргыз Республикасынын банктарынын маалымдамалары.
Тутумдун кошумча мүмкүнчүлүктөрү
Төлөм документтерин даярдоо үчүн алдын ала түзүлгөн шаблондорду колдонуу;
Жайылтылган бухгалтердик тутумдан (опционалдуу) улуттук валютада төлөм документтерин импорттоо;
Суроо-талап боюнча (кайсы гана датага болбосун) көчүрмөлөрдү автоматтык түрдө алуу мүмкүнчүлүгү;
Улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсептердин абалын ыкчам контролдоо;
КРУБ валюталарынын курсу жөнүндө жума сайынкы маалымкаттарды алуу.
Маалыматтарды коргоо
Жумушчу орунга кирүү мүмкүнчүлүгүнүн шарттуу белгилеринин тутуму, документтерди санкциясыз модификациялоо же алып салуудан коргоону камсыздайт;
Шифрлөө менен камсыздалган ачык байланыш каналы боюнча тутумдун катышуучуларынын ортосунда маалыматтарды берүүдө санкциясыз окуудан коргоо;
Байланыш каналдары боюнча берилген электрондук документтердин аныктыгын текшерүү үчүн санариптик кол тамганы колдонуу.
Тутумду коштоо
- «Тынымсыз байланыш» - (312) 90 59 59, 0- 800-800-00-00* («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз) телефондору боюнча ыкчам консультациялар;
- Зарыл болгон учурда Кардарга Банктын кызматкеринин баруусу;
- Кардардын персоналын кошумча окутуу жана жаңы версияларды орнотуу.
- Эсептерди жүргүзүү эсеп ачылган валютанын түрүндө жүргүзүлөт.
Операция жүргүзүлгөнүн тастыктоо 15 мүнөттүн ичинде Кардардын компьютерине жөнөтүлөт.
«Оптима Банк» ААКсы тутумдуу жабдууну акысыз орнотот Сиздин компаниянын кызматкерлерин окутат. Колдонуунун бүтүндөй мөөнөтү ичинде Банк, версияларды жаңыртууну камтуу менен, тутумду техникалык жактан колдоону жүзөгө ашырат.
Биздин кардарларыбыздын көпчүлүгү жогорку кирешелүү сегментке катышышат, өзүнүн каражаттарын абдан кадырлашат, буга байланыштуу алардын каражаттарынын сакталышы жана ишенимдүүлүгү маселеси чечүүчү мааниге ээ. Биздин тутум электрондук санариптик кол тамгасынын механизминин болушу менен айырмаланат.
Убакытты үнөмдөө жана ыңгайлуулук – биздин Банктын көпчүлүк кардарларын кызыктыруучу «Online banking» тутумунун аркасынан чечүүчү факторлор.
Юридикалык жак жана жеке ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер