Мамлекеттик казыналык векселдер
Мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ) деген эмне?
Бул, Сиз көрсөтүлгөн мөөнөттө кирешелерди милдеттүү түрдө төлөй турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жайгаштырылган, кагаз формасында эмес чыгарылган мамлекеттик карыз милдеттемеси.
- МКВ мамлекеттин менчиги катары камсыздалган;
- МКВны жүгүртүү мөөнөтү - 3, 6, 12, 18 жана 24 ай;
- Бир казыналык векселдин номиналдык наркы - 100 сом;
- МВК адегенде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өткөрүлгөн аукциондо түзүлгөн рыноктук баа боюнча сатылат, ал эми номинал боюнча төлөнөт.
- МВКдан киреше сатып алуу баасы, номиналдык нарктын (100 сом) ортосундагы айырманын (дисконттун) эсебинен түзүлөт.
МКВ менен эмне кылуу керек?
Эгерде Сизге тезинен акча керек болуп калса, сатылып алынган МВКны экинчи рынокто аны төлөө мөөнөтү келгенге чейин сатса болот.
Төлөгөнгө чейин аларды өзүңүздө кармоого, ал эми мөөнөт аяктаганда Сизге тиешелүү МВКнын номиналдык наркын алууга болот.