Түгөнбөс киреше
Ай сайынкы кошуп эсептөөлөр менен белгилүү бир мөөнөттө банктык эсепке жайгаштырылган, белгиленген сумма жана аманаттын бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде сый акы төлөө менен мөөнөттүү депозит.
Аманаттын башкы артыкчылыгы:
Эгерде Сиз, Банктык аманат келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин Банкка келгенге үлгүрбөй калсаңыз, бул аманаттын колдонулушу ошол эле мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат, ошол эле шарттарда, келишимди мөөнөтүн узартуу күнүндө колдонулган коюм боюнча сый акыны кошуп эсептөө менен.
- Аманатты жайгаштыруу мөөнөтү - 1 айдан 13 айга чейин;
- Аманаттын минималдуу суммасы улуттук валютада - 1000 сом, АКШ долларында – 20 АКШ доллары;
- Пайыздар кошуп эсептелип жаткан аманат суммасын, кошуп эсептелген пайыздар көбөйтпөйт;
- Пайыздарды төлөө ай сайын жана/же мөөнөт аяктаганда жүргүзүлөт;
- Кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу каралган эмес;
- Акча каражаттарын жарым-жартылай алуу каралган эмес;
- Аманат мөөнөтүнөн мурда алынгандан кийин да пайыздар кошуп эсептелет (өзүнчө пайыздык схема боюнча).
Жеке жактар үчүн мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык коюмдар (pdf)
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана тарифтерди берүү шарттары (pdf)