Ийгиликтүү
“Ийгиликтүү” мөөнөттүү депозити жогорку пайыздык коюму жана кошумча төгүмдөрдү төгүү мүмкүнчүлүгү менен, жеке жак пенсионер кардарлар үчүн багытталган.Сый акы депозиттин баштапкы суммасына бирдиктүү пайыздык коюм боюнча жана акча каражаттарынын кошумча төгүмдөрүнүн суммасына кошуп эсептелет.
Аманат шарттары:
- Аманат ачууда пенсиялык күбөлүктү көрсөтүү;
- Аманаттын минималдуу суммасы - улуттук валютада - 1000 сом; АКШ долларында - 20 доллар;
- Аманаттын максималдуу суммасы - улуттук валютада – 10 млн. сом; АКШ долларында - 150 000 доллар;
- Аманат мөөнөтү: 6, 9, 13, 18, 24 ай;
- Сый акы төлөө ай сайын жана/же мөөнөт аяктаганда жүргүзүлөт;
- Кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу келишим мөөнөтү аяктаганга чейин 30 күндүн ичинде токтотулат;
- Акча каражаттарын жарым-жартылай алуу каралган эмес;
- Депозиттин баштапкы суммасы жана кийинки кошумча төлөмдөрдүн суммасы үчүн, бирдиктүү пайыздык схема каралган;
- Автоматтык түрдө узартуу, пайыздарды капиталдаштыруу жана үчүнчү жактын пайдасы үчүн аманатты ачуу мүмкүнчүлүгү каралган;
- Аманатчынын демилгеси менен келишим мөөнөтүнөн мурда бузулганда, сый акы өзүнчө пайыздык схема боюнча төлөнөт.
Жеке жактар үчүн мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык коюмдар (pdf)
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана тарифтерди берүү шарттары (pdf)