Optima Bank

Ипотека

Жеке турак жай маселеси ар кандай жаштагы көптөн адамдар үчүн абдан актуалдуу жана маанилүү болушу мүмкүн. Бул көйгөйдү туура чечүү үчүн жылдар кетет. Бирок ипотекалык насыя Сизге менчик батир же үй жөнүндө кыялыңызды тезинен ишке ашырууга жардам берет. 

"Оптима Банк" ААКсынын ипотекалык насыялоо программасы Сизге, узак мөөнөттүү топтоо процесси жок эле, жайлуу батирге кыска мөөнөттө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берет. 
 Ипотека төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:  

  • бөтөн кыймылсыз мүлктү ижарага албастан, жеке батирге ээ болуу;        
  • коммерциялык эмес маанидеги кыймылсыз мүлк объектилеринин курулушу;  
  • курулуп жаткан үйлөргө катышуу үлүшүнө ээ болуу; 
  • турак жайды алмаштырууда айырмачылыкты төлөө; 
  • башка банктарда ипотекалык насыяны кайрадан насыялоо; 
  • алган турак жайга дароо менчик ээси болуу; 
  • каражаттарды пайдалуу салуу, анткени, кыймылсыз мүлк дайыма кымбаттоодо; 
  • кыймылсыз мүлк менен келишим түзүүдө ишенимдүү кепилдиктер  (келишим боюнча бардык документтерди жана кыймылсыз мүлктү Банктын адиси текшерет).      

"Оптима Банк" ААКсында насыя алуу үчүн Сиз төмөндөгүлөрдү билишиңиз керек:  

  • өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү баалоо;   
  • алынган кыймылсыз мүлктүн наркынан 30%дан кем эмес өлчөмдө баштапкы төгүмгө ээ болуу  (алынган турак жай күрөөгө кабыл алынат);
  • баштапкы төгүмдүн суммасына кошумча күрөөнү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн.     

Банктын Насыялык комитетинин бекитилген чечими чыккандан кийин, кыймылсыз мүлктү Сатуучу жана Карыз алуучу, Банктын адисинин катышуусу менен нотариалдык конторада эки тараптуу сатуу/сатып алуу  келишимин түзүшөт.  Анын негизинде, Карыз алуучу кыймылсыз мүлктүн ээси болуп калат жана насыяны толук төлөгөнгө чейин алынган батирди күрөө катары коёт. 

Суроолор пайда болгондо, Банктын адистери Сизге консультация беришет,  Сиздин шарттарыңыздан  улам, насыянын мүмкүн болуучу суммасын жана ал үчүн төлөмдү эсептөөгө жардам беришет, алар Сиздин   туруктуу жардамчыларыңыз болушат.

Насыянын валютасы

Сом/ АКШ доллары

Насыялоонун максималдуу мөөнөтү

KGS/USD 60 ай (5 жыл)

Насыялоонун минималдуу мөөнөтү

12 ай

Насыяны төлөө

Насыя боюнча негизги карыздын жана насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздар бөлүгүн өзүнө камтыган ай сайынкы төлөмдөрдүн (аннуитеттик төлөмдөр) суммасы боюнча бирдей

Пайыздык коюм

жылдык 21%дан баштап  

Насыялоо объектиси  

Кыргызстанда жайгашкан турак үйлөрдү жана батирлерди алуу үчүн насыялар берилет 

Насыяны камсыздоо 

Алынган кыймылсыз мүлк.

Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмдарды эсептөө, ар бир конкреттүү учурда жекече жүзөгө ашырылат. Насыялык  эксперттен консультация алыңыз. 

Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду алдын ала эсептөөнү, Насыялык калькуляторду колдонуу менен түзө аласыз.  
* Натыйжалуу пайыздык коюм  18,63%дан баштап.

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

09.06.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.5000 88.0000
EUR 94.2000 95.2000
RUB 1.0550 1.0800
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

09.06.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.3000 87.6400
EUR 94.2000 95.2000
RUB 1.0300 1.1000
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

09.06.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.5000 88.0000
EUR 94.2000 95.2000
RUB 1.0440 1.0800
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

КРУБдун курстары

09.06.2023 Курс
USD 87.5100
EUR 93.8676
RUB 1.0702
KZT 0.1967
Бардык курстар
*Ушул Тартипте белгиленген нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары юридикалык жактардын кардарлары жана жеке ишкерлер үчүн колдонулат.

Жеке жактардын талап кылынган эсептери боюнча, анын ичинде Optima24 тиркемеси аркылуу конверсиялык операциялар үчүн ушул Тартипте белгиленген нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары колдонулат.

Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 25 000 АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 25 000 АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 25 000 АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.