Акча которуулар
Сиз, Кыргызстан боюнча же дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүнө болбосун акча которушуңуз, ошондой эле которулган акчаны тез, ыңгайлуу, ишенимдүү жана коопсуз алышыңыз керекпи?
«Оптима Банк» ААКсы Банктын бардык бөлүмдөрүнөн (филиалдардан, аманат кассаларынан) банктык эсепти ачып, же ачпастан туруп акча которууларды жүргүзөт.
Эсептерди ачпастан акча которуулардын: Western Union, Золотая Корона, Контакт, Moneygram ошондой эле SWIFT эл аралык тутуму боюнча акча которуулар тутуму Банктын кардарларынын арасында абдан белгилүү.
Акча жөнөтүү үчүн Сиз төмөндөгүлөрдү билишиңиз керек:
- Алуучунун Банкынын маалымдарегин, которулган акчаны алган жерде иштеп жаткан акча которуу тутумун, алуучунун маалыматтарын;
- Жеке жактын атына акча которууда буларды көрсөтүү керек: алуучунун аты-жөнүн, банктык эсептин номерин, эгерде эсеп жок болсо, анда анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин (паспорт, аскер билети) маалыматтарын;
- Алуучунун так маалымдаректерин көрсөтүү менен, акча которуу үчүн арыздын бланкасын толтуруу;
- Акча которуу суммасын төгүү жана Банктын тарифтерине ылайык комиссияны төлөө.
Которулган акчаны алуу үчүн, Сиз, төмөндөгүлөрдү билишиңиз керек:
- Сизге банктык эсеп ачылган, же банктык эсепти ачпастан акча алуу үчүн, Сизге ыңгайлуу болгон Банктын бөлүмүнө келишиңиз керек;
- Банктын кызматкерине инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин (паспорт, аскер билети) документти көрсөтүңүз;
- Которулган акчаны алуу үчүн Арыздын бланкасын толтуруңуз;
- Банктын тарифине ылайык, кассалык тейлөө үчүн комиссияны төлөңүз;
- Акчаны алыңыз.
«Оптима Банк» ААКсы тарабынан акча которуулар операциялары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
«Оптима Банк» ААКсы Сиздин акча которууларыңыздын коопсуздугун жана көрсөтүлгөн адам гана которулган акчаны тезинен алуусун кепилдейт.