Акча которуу картка алуу
«Золотая Корона» мобилдик тиркеме аркылуу онлайн акча которуулар – бул Россия, Европа жана башка өлкөлөрдөн ыңгайлуу акча которуу ыкмасы. Акча алуучуга каражат түшкөндө дароо «KoronaPay» тиркемеси аркылуу «Оптима Банктын» картына которууга мүмкүн.
«Золотой Коронадан» акча которууну кантип «Оптима Банктын» Элкарт же VISA картына алууга мүмкүн?
“Золотая Корона” акча которуулар тутумун орнотуу менен, Сиз, үйдөн чыкпастан туруп, кайсы гана суткада болбосун “Оптима Банктын” картына акча которууларды акысыз чегер аласыз. Бул үчүн Сиз, төмөндөгүлөрдү жасоо керек:
Google Play же App Storeде акча которууларын, “Золотая Коронанын” KoronaPay тиркемесин орнотуңуз.
Андан ары керектүү сапка, акча которуунун коду алынган +996*** форматына телефон номерин киргизиңиз.
Сиз көрсөткөн телефон номерине KoronaPay абонентинен шарттуу белги келет, аны да киргизүү керек.
“Картка акча которууларды алуу” баскычын басыңыз жана андан ары керектүү талааны (алуучунун аты-жөнү жана төлөм картынын маалыматтары) толтуруңуз.
Картка акча которууларды чегерүү үчүн, “Чегерүү” баскычын басыңыз. Көңүл бургула! Карталарга которуулар Алтын таажы курсу боюнча сом менен чегерилет.
"Акча которууну кантип картка алуу керек" толук нускамасын жүктөө
"Оптима Банктын" карттарына чегерүүгө карата, Банк тарабынан чыгарылган
карттарынан "Золотая Корона" тутумунун мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтүлгөн акча которуулар жеткиликтүү.
"Оптима Банктын" картына чегерүүгө карата, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасы, Казакстан жана алыскы чет өлкөлөр - Литва, Люксембург, Латвия, Ирландия, Исландия, Лихтенштейн, Мальта, Словакия, Словения, Швеция, Норвегия, Португалия, Румыния, Венгрия, Эстония, Финляндия, Болгария, Дания, Кипр, Хорватия, Италия, Германия, Великобритания, Грециянын карттарынан "Золотая Корона" тутумунун мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтүлгөн акча которуулар жеткиликтүү.
"Оптима Банктын" картына “Золотая Корона” акча которууларын чегерүү боюнча лимиттер:
- суикасына акча которуулардын саны – 2, 30 календардык күндүн ичинде – 10;
- 30 календардык күндүн ичинде акча которуулардын максималдуу суммасы – 990 000 сом.
*операциялар ошондой эле «Золотая Корона» тутуму тарабынан лимиттелет
Билдирүү жасайбыз, мобилдик тиркеме аркылуу банктык картка ЗК акча которуулары үчүн комиссия жок. Мобилдик тиркеме аркылуу эмес ЗК акча которуулары үчүн комиссия 0,7% түзөт.
Пайда болгон суроолор боюнча Сиз, «Оптима Банктын» Контакт борборуна кайрылсаңыз болот 24/7 Күнү-түнү иштөөчү Контакт борбор: (312) 90 59 59, 0- 800-800-00-00* («Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан салуулар акысыз) О!, Beeline жана MegaCom тармагынын абоненттери үчүн кыска номер: * 1001 (чалуу акысыз)