Көңүл буруңуздар
Урматтуу кардарлар!
ААК «Оптима Банк» телефондук алдамчылык фактылары көбөйүп жатканы тууралуу билдирет. Шылуундар телефон чалуулар аркылуу жарандарды алдаш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп, акчаны уурдап же алардын эсебине акча которуу үчүн сиздин атыңызга онлайн кредиттерди алууну көздөйт.
Бул кантип ишке ашат?
1. Өзүн Банктын кызматкеримин деп тааныштырган адам сизге телефон чалып, сиздин жеке маалыматтарыңыз чыгып кеткени же сиздин атыңызга берилген кредит тууралуу кабарлайт.
2. Андан кийин сүйлөшүүгө өзүн Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдын кызматкеримин деп тааныштырган башка адам кошулат, ал сиздин акчаңызды сактап калуу шылтоосу менен “коопсуз” эсебине которууну сунуштайт.
3. Шылуундар ишеним жаратуу үчүн жасалма телефон номерлерин жана расмий логотиптери жана кол тамгалары бар документтерди колдонушу мүмкүн.
4. Алдамчылардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, жабырлануучулар акча которуу же онлайн кредит алуу боюнча операцияларды өз алдынча жүргүзүшөт.
Өзүңүздү кантип коргоо керек?
1. Эгерде Сизге Банктын же мамлекеттик органдардын калп кызматкерлери телефон чалып, сиздин жеке маалыматтарыңыз ачыкка чыгып кеткени же сиздин атыңызга онлайн насыя уруксатсыз берилгени тууралуу кабарласа, сүйлөшүүнү дароо токтотуңуз.
2. Жеке маалыматыңызды телефон аркылуу бербеңиз жана өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Сүйлөшүү учурунда экраныңызды бөлүшпөңүз. Эсиңизде болсун, банк кызматкерлери эч качан төмөнкүлөрдү сурабайт:
- Сиздин уюлдук телефонуңузга жөнөтүлгөн бир жолку сырсөз (OTP);
- Сиздин төлөм картыңыздын толук номери;
- CVV/CVC коду (карттын артындагы үч орундуу код);
3. Белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербеңиз, бейтааныш адамдардын текшерилбеген интернет шилтемелерин баспаңыз жана шектүү булактардан келген файлдарды ачпаңыз. Шылуундар көбүнчө сизди жасалма сайттарга багыттаган фишинг шилтемелерин колдонушат. Бул сайттар сизден картыңыздын реквизиттерин же башка жеке маалыматыңызды киргизүүнү суранышат, андан кийин кылмышкерлер сиздин каражатыңызга кире алышат.
4. Эгерде телефон чалуу сизде шектенүү жаратса, расмий сайтта көрсөтүлгөн Банктын расмий номерине өзүңүз байланышыңыз же Банктын жакынкы филиалына кайрылыңыз.
Эсиңизде болсун: Банк кредитти уруксатсыз каттоо же жеке маалыматтардын сыртка чыгышы боюнча эч качан чалбайт жана тез мессенджер аркылуу кызматкердин ID жана башка расмий документтерди жөнөтпөйт.
Эгерде сиз шылуундардан жапа чексеңиз, эмне кылуу керек?
1. Бул тууралуу дароо Банкка 9595 расмий номери боюнча кабарлаңыз жана картыңызды же эсебиңизди тосмолдоону сураныңыз.
2. Тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.
Эсиңизде болсун: алдамчылардын схемалары ар кандай, бирок алардын негизги максаты - сиздин эсебиңизден акча которуу үчүн сизди алдоо. Акчаңызды которгондон кийин, шылуундардын максаты ишке ашат.
Маанилүү: ААК «Оптима Банк» жаңылыктарын жана билдирүүлөрүн расмий булактардан гана көрүңүз:
- Расмий сайт: https://www.optimabank.kg/
- Instagram: https://instagram.com/optimabank.kg/
Кыраакы болуңуз жана шектенүүлөр же коркутуулар пайда болгон учурда дароо ААК «Оптима Банкка» 9595 расмий номуру аркылуу кайрылыңыз.