Көңүл буруңуз!

Урматтуу кардарлар!

2024-жылдын 14-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инновациясы - онлайн насыяларды берүүдө “муздатуу мезгили”* күчүнө кирет. 

Бул эмнени билдирет? 

"Муздатуу мезгили" - бул белгилүү бир убакыттын ичинде онлайн насыя каражаттары чегерилүүсүнүн белгиленген убакыт аралыгы.

"Муздатуу мезгилинин" узактыгы кредиттин суммасына жараша болот*:  

  • 15 000 сомго чейин – "муздатуу мезгили" колдонулбайт;
  • 15 001 – 50 000 сом – 3 саат;
  • 50 001 – 100 000 сом – 6 саат;
  • 100 000 сомдон жогору – 24 саат.

Бул Оптима Банкта кандай иштейт? 

Эгерде онлайн-кредиттин суммасы 100 000 сомдон ашса, Банктын кызматкери сиздин кредитти берүүгө макулдугуңузду ырастоо үчүн кийинки телефон чалууну аткарат. Эгерде тастыктоо алынбаса, каражат которулбайт. 

Кошумча суроолоруңуз болсо, Оптима Банктын 9595 байланыш борборуна кайрылыңыз же Банктын жакынкы филиалына кайрылыңыз. 

*Бул жобо онлайн насыяларга гана тиешелүү. Бул Банктын бөлүмдөрүндө же мобилдик пункттарда берилген кредиттерге тиешелүү ЭМЕС. 

*15 000 сомго чейинки каражат мурдагыдай эле беш мүнөттүн ичинде чегерилет.

Учурдагы жарнамалар

OlympicGOLD
АКЫСЫЗ

Оптима Банк - Парижде өткөн 33-Олимпиада оюндарынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы расмий өнөктөшү!

Толугураак

Акысыз карта
Optima GOLD

Эң мыкты дебеттик төлөм картасы

Visa картын ачып алыңыз

 

Толугураак