Көңүл бургула!

IMG 0994

Урматтуу кардарлар!

2025-жылдын 4-февралында саат 00:00дөн 08:00гө чейин пландалган техникалык иштердин башталуусу тууралуу маалымдайбыз.

Жумуштун жүрүшүндө VISA карттары үчүн төмөнкү кызматтар жеткиликсиз болот:

  • Банк тармагынын жана үчүнчү тараптын банктарынын POS терминалдарында төлөө;
  • Интернет төлөмдөр;
  • Банк тармагынын банкоматтарынан жана үчүнчү тараптын банктарынан накталай акча алуу;
  • Банк тармагынын жана үчүнчү тараптын банктарынын/өнөктөштөрүнүн төлөм терминалдарындагы (АДМ, ПТ) карт эсептерине акча каражаттарын толтуруу;
  • Optima24 мобилдик тиркемесинде төлөмдөр жана которуулар.

Көңүл буруңуздар! Optima24 мобилдик тиркемесинде талап боюнча төлөнүүчү эсептер жана «Элкарт» карттары штаттык режимде иштейт. Ошондой эле, төлөмдөрдү кабыл алуу (Pos-терминалдар) жана накталай акчаларды берүү (банкомат) операциялары Оптима Банк түзмөктөр тармагында үчүнчү тараптын банктарынын VISA карттары үчүн жеткиликтүү болот.

Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн маанилүү төлөмдөрдү жана каржылык транзакцияларды алдын ала пландаштырып, зарыл болсо, 2025-жылдын 2-февралына чейин аткарууну сунуштайбыз.

Биз банктык кызматтарга үзгүлтүксүз жетүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөбүз жана келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Бул иштер аткарылгандан кийин дагы туруктуу, коопсуз жана ыңгайлуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Техникалык иштердин аяктагандыгы тууралуу расмий каналдар аркылуу тез арада кабарлайбыз. Расмий каналдардагы Банкка тиешелүү маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү суранабыз.

  • Суроолоруңуз болсо төмөнкү дарекке кайрылыңыз: Оптима Банктын байланыш борбору: 9595 (Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлору үчүн акысыз).
  • WhatsApp Оптима Банк: 0990 90 59 59.

Түшүнгөнүңүз жана ишенимиңиз үчүн рахмат!

Учурдагы жарнамалар

OlympicGOLD
АКЫСЫЗ

Оптима Банк - Парижде өткөн 33-Олимпиада оюндарынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы расмий өнөктөшү!

Толугураак

Акысыз карта
Optima GOLD

Эң мыкты дебеттик төлөм картасы

Visa картын ачып алыңыз

 

Толугураак