Visa карталарын чыгаруу жөнүндө маанилүү маалымат.
Урматтуу кардарлар!
Техникалык иштерге байланыштуу optimabank.kg сайтында Visa карталарын чыгаруу боюнча сайтта электрондук арыздарды кабыл алуу саат 18:00дөн баштап убактылуу токтотуларын маалымдайбыз.
Банктын бөлүмдөрүндө Visa банктык карттарын чыгарууга арыздар адаттагыдай эле кабыл алынууда. Бирок, 2025-жылдын 6-февралында саат 18:00дөн кийин берилген арыздарды кароого 10-15 жумушчу күн талап кылынышы мүмкүн.
Бул өзгөртүү убактылуу жана биз картты чыгаруу процессин тездетүү үчүн болгон аракетибизди жасап жатабыз. Оптималдаштыруу көрсөтүлүүчү кызматтардын ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле келечекте системалардын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.
Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн картыңызды алууну пландаштырууда бул убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштайбыз. Техникалык иштер аяктагандан кийин расмий каналдар аркылуу кошумча кабарлайбыз.
Суроолоруңуз болсо төмөнкү дарекке кайрылыңыз:
- Байланыш борбору: 9595 (Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунан акысыз),
- WhatsApp: 0990 90 59 59.
Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат!