Агро насыялар
«Оптима Банк» ААКсы айыл чарба секторун насыялоонун атайын иштелип чыккан программасын – агро насыялоону сунуш кылат.
Агро насыялар төмөндөгү максаттарга берилет:
- үрөндү, жер семирткичтерди, коргоо каражаттарын (өсүмдүктөрдү жана малды) жана тоютту, айыл чарба керектөөлөрү үчүн күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга;
- малды, канаттууларды, көчөттөрдү, аарыларды жана бал челектерди сатып алууга;
- айыл чарба техникаларын жана жабдууларды сатып алууга жана оңдоого;
- айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алууга, курууга жана оңдоого;
- айыл чарба керектөөлөрү жана башка максаттар үчүн жумуштарга төлөөгө.
Негизги артыкчылыктары:
- Сизге эч бир финансылык документтерди, отчётторду, бизнес пландарды түзүүнүн кереги жок;
- насыя алуу үчүн бардык документтерди насыялык эксперт түзөт;
- насыяны кыска мөөнөт ичинде тариздөө - 3 күндөн баштап;
- Банк кардарлар менен ортомчусуз түздөн түз иштейт, бул болсо, келишимде көрсөтүлбөгөн кошумча чыгымдарды алып салат.
АГРО НАСЫЯНЫН негизги шарттары:
- пайыздык коюм – кредиттин суммасына жараша жылдык 21% дан;
- насыя мөөнөтү – 3 айдан 60 айга чейин;
- төлөө – төлөөнүн ийкемдүү графиги айыл чарба ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүлөт. Негизги сумма боюнча мөөнөтүн жылдыруу - 6 айга чейин.
Камсыздоо – күрөө камсыздоосунун бардык түрү кабыл алынат (жабдуу, айыл чарба техникасы, кыймылдуу мүлк, жеке мүлк, автотранспорт, кыймылсыз мүлк, кепилдик жана күрөө камсыздоосунун жана башка түрлөрү).
Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду эсептөө, ар бир конкреттүү учурда жеке ишке ашырылат. Насыялык эксперттен консультация алыңыз.
Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду алдын ала эсептөөнү, Насыялык калькуляторду колдонуу менен түзө аласыз.
* натыйжалуу пайыздык коюм жылдык 23,68%дан баштап.