Optima Bank

Агро насыялар

«Оптима Банк» ААКсы айыл чарба секторун насыялоонун атайын иштелип чыккан программасын – агро насыялоону сунуш кылат.

 Агро насыялар төмөндөгү максаттарга берилет:   

  • үрөндү, жер семирткичтерди, коргоо каражаттарын (өсүмдүктөрдү жана малды) жана тоютту, айыл чарба керектөөлөрү үчүн күйүүчү-майлоочу майларды сатып алууга;   
  • малды, канаттууларды, көчөттөрдү, аарыларды жана бал челектерди сатып алууга;
  • айыл чарба техникаларын жана жабдууларды сатып алууга жана  оңдоого;
  • айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алууга, курууга жана оңдоого;
  • айыл чарба керектөөлөрү жана башка максаттар үчүн жумуштарга төлөөгө. 

Негизги артыкчылыктары:

  • Сизге эч бир финансылык документтерди, отчётторду, бизнес пландарды түзүүнүн кереги жок; 
  • насыя алуу үчүн бардык документтерди насыялык эксперт түзөт;
  • насыяны кыска мөөнөт ичинде тариздөө  - 3 күндөн баштап;
  • Банк кардарлар менен ортомчусуз түздөн түз иштейт, бул болсо, келишимде көрсөтүлбөгөн кошумча чыгымдарды алып салат. 

АГРО НАСЫЯНЫН негизги шарттары:

  • насыя суммасы  –   50$дан баштап же сомдун  эквивалентинде;
  • пайыздык коюм –  14%дан баштап;
  • насыя мөөнөтү –  3 айдан 60 айга чейин;
  • Насыялык каражаттаржы берүү боюнча комиссия – насыя суммасынан 0,5 %дан баштап.
  • төлөө –  төлөөнүн ийкемдүү графиги айыл чарба ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүлөт. Негизги сумма боюнча мөөнөтүн жылдыруу -  6 айга чейин.

Камсыздоо  – күрөө камсыздоосунун бардык түрү кабыл алынат (жабдуу, айыл чарба техникасы, кыймылдуу мүлк, жеке мүлк, автотранспорт, кыймылсыз мүлк, кепилдик жана күрөө камсыздоосунун жана башка түрлөрү).

Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду эсептөө, ар бир конкреттүү учурда жеке ишке ашырылат. Насыялык эксперттен консультация алыңыз. 

Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду алдын ала эсептөөнү, Насыялык калькуляторду колдонуу менен түзө аласыз.
* натыйжалуу пайыздык коюм жылдык 15,46%дан баштап.  

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

23.07.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.6000 69.7500
EUR 77.7000 78.7000
RUB 1.1030 1.1130
KZT 0.1760 0.1840
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

23.07.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.4500 69.8500
EUR 77.5000 79.0000
RUB 1.0900 1.1300
KZT 0.1730 0.1880
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

23.07.2019 Сатып алуу Сатуу
USD 69.5500 69.8500
EUR 77.1000 79.1000
RUB 1.0850 1.1250
KZT 0.1750 0.1900
Бардык курстар

КРУБдун курстары

23.07.2019 Курс
USD 69.6517
EUR 78.3651
RUB 1.1079
KZT 0.1810
Бардык курстар