Кичи жана орто бизнести насыялоо
Кичи жана орто бизнестин ээлери көпчүлүк учурларда рынокто иштөө жана атаандаштык учурунда олуттуу кыйынчылыктарга туш болушат. Бул секторду колдоо үчүн, биз насыялоонун атайын иштелип чыккан программасын сунуш кылабыз. «Оптима Банк» ААКсы өзүнүн кардарларына кичи жана орто бизнести насыялоонун атайын иштелип чыккан программасын беришет.
Программанын максаты жана каржылоону алуу шарттары:
Программанын негизги максаты – Сиздин бизнесиңизди ар тараптуу, келечектүү өнүктүрүү максатында өз ара пайдалуу кызматташуу.
Экономиканын ар кандай чөйрөсүндө: өндүрүштө, соодада иш алып барган же кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген жеке ишкерлер жана жеке жактарга, анча жогору эмес пайыздык коюм менен насыялоонун ийкемдүү шарттарын сунуш кылабыз.
Программанын негизги артыкчылыктары:
- күрөөнүн ийкемдүү тутуму;
- ар бир кардар үчүн жеке түзүү менен, насыя төлөөнүн ыңгайлуу схемасы;
- бизнес-план талап кылынбайт;
- пайыздык коюмдардын төмөндүгү;
- акысыз консультация жана Сиздин бизнесиңизди талдоо;
- ар бир кардарга жеке жана профессионалдуу мамиле кылуу;
- насыя мөөнөтү – 3 айдан 60 айга чейин;
- пайыздык коюмдар: кредиттин суммасына жараша жылдык 10% дан
- насыя суммасы – 3 001 баштап, бир нече миллион АКШ долларына чейин (же сомдун эквивалентинде).
Насыя алуунун негизги шарты – 3 айдан кем эмес иштеп жаткан рентабелдүү бизнестин болушу.
Көңүл бургула! Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду эсептөө, ар бир конкреттүү учурда жүргүзүлөт. Банктын насыялык экспертинен консультация алыңыз.Натыйжалуу жылдык пайыздык коюмду алдын ала эсептөөнү, Насыялык калькуляторду колдонуу менен түзө аласыз.
* натыйжалуу пайыздык коюм жылдык 10,87%дан баштап.