Optima Bank

Сейфтерди ижарага алуу

Жеке банктык сейфти ижарага алуу – Сиздин баалуулуктарыңызды сактоонун ыңгайлуу ыкмасы. Коммерциялык банктардын сактоочу жайларына карата талаптар абдан жогору, ошондуктан банктык сейфте Сиздин баалуулуктарыңыз башка жерге караганда ишенимдүү сакталат.  

«Оптима Банк»  ААКсы  электрондук  коргоонун көп деңгээлдеги тутуму менен ишенимдүү сактоочу жайды Сизге берүү үчүн,  бардык керектүү шарттарга ээ. Мындан сырткары, жеке сейфтерди ИИМдин кызматкерлери менен Банктын коопсуз кызматы күнү-түнү кайтартат. 

Банктын жеке банктык сейфинде баалуулуктарды сактоодо Сизге, сейфке баалуулуктарды салуу жана кимдир-бирөөнүн контролдоосуз  эле  аларды алуу мүмкүнчүлүгү берилет.  

Банк тарабынан белгиленген формада  нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты тариздөө менен, ишенимдүү адамга сейфти колдонуу укугун бере аласыз.

 Жеке банктык сейф төмөндөгүлөрдү сактоо үчүн каралган:

  • иш жана жашыруун документтерди;  
  • акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды;
  • искусство буюмдарын, антиквариатты жана зергер буюмдарын;
  • санариптик маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү баалуу маалыматтарды;
  • жана башка баалуулуктарды.

Сиз, накталай акчалар келишими боюнча эки тараптуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн, сейфтерди ижарага берүү кызматын  пайдалансаңыз болот, мисалы, автомобиль сатып алууда.

Бул кызмат көрсөтүү  түздөн түз кардарларга - акчаларды салуучу жана алуучунун келишими боюнча  эки тараптуу эсептешүүлөрдүн катышуучуларына берилет.

Накталай акчалар  Банктын ыйгарым укуктуу кызматкери жана алуучунун катышуусу менен гана салуучу тарабынан сейфке салынат. Сейфтин ачкычы  салуучуга тапшырылат. Накталай акчалар алар инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөткөндө жана салуучу милдеттүү түрдө катышканда гана сейфтен алынат.  

Сиз өзүңүздүн жеке банктык сейфиңизди саат 9.00дөн 17.00гө чейин пайдалансаңыз болот. 

Жеке сейфтердин ижарасын тариздөө үчүн, инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти көрсөтүп, келишим түзүү жана ижара акысын төлөө керек.

Сейфтик уячалар боюнча кызмат көрсөтүүчү филиалдардын тизмеси:

  • Бишкек Борбордук филиалы
  • Бишкек шаарындагы №1 филиал
  • Бишкек шаарындагы №2 филиал
  • Бишкек шаарындагы №5 филиал
  • Кара-Балта шаарындагы филиал 
  • Чолпон-Ата шаарындагы филиал 
  • Ош шаарындагы филиал 

«Оптима Банк» ААКсындагы жеке жактар үчүн кызмат көрсөтүүгө тарифтер

 

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг

Валютанын курсу

Накталай курстар

30.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.4000 88.3000
EUR 94.8000 95.8000
RUB 1.1320 1.1600
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Накталай эмес курстар

30.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.0000 87.4700
EUR 94.5000 95.5000
RUB 1.1000 1.1800
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

Төлөм карталары боюнча курстар 

30.03.2023 Сатып алуу Сатуу
USD 87.4000 88.3000
EUR 94.8000 95.8000
RUB 1.1205 1.1600
KZT 0.1350 0.2050
Бардык курстар

КРУБдун курстары

30.03.2023 Курс
USD 87.4200
EUR 94.7021
RUB 1.1380
KZT 0.1950
Бардык курстар
*Ушул Тартипте белгиленген нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары юридикалык жактардын кардарлары жана жеке ишкерлер үчүн колдонулат.

Жеке жактардын талап кылынган эсептери боюнча, анын ичинде Optima24 тиркемеси аркылуу конверсиялык операциялар үчүн ушул Тартипте белгиленген нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары колдонулат.

Накталай жана накталай эмес чет элдик валюталарды сатып алуунун жана сатуунун белгиленген курсу, 5000 АКШ долларында же башка чет элдик валюталарда 5000 АКШ доллары эквивалентинде колдонулат. 5000 АКШ долларынан ашык суммада жүргүзүлгөн операциялар боюнча курс, келишим боюнча “Оптима Банк” ААКсынын Казыналык башкармалыгы тарабынан белгиленет.