«Оптима Банк» Visa картын толтуруу үчүн, агенттик тармагын кеңейтет!
Урматтуу кардарлар!
«Оптима Банк» ААКсы банктык Visa төлөм картын толтуруу үчүн, агенттик тармагын кеңейтет!
Эми Сизде, бардык Pay24 төлөм терминалдарында, “Оптима Банктын” Visa төлөм картын толтуруу мүмкүнчүлүгү бар:
Бөлүм – Банктык кызмат көрсөтүүлөр, Бөлүмчө – Картты толтуруу:
- “VISA картын толтуруу” баскычын басуу;
- карттын номерин жана керектүү сумманы киргизүү керек.
Банктык VISA картын толтурууда, акча каражаттары дароо келип түшөт!
Pay24 төлөм терминалдары аркылуу комиссия – 2.5%ды түзөт.