Optima Bank

Алдамчылардан сак болгула!

Абайлагыла, алдамчылар!
 
Банк тарабынан социалдык инженериянын негизинде алдамчылык учурлары белгиленген. Өздөрүнүн товарларын интернет ресурстарга, мисалы,  Lalafo сайтына жайгаштырган кардарлар алдамчылыктын курмандыгы болууда. 

 Алдамчылар  социалдык тармак (Whats app ж.б.) аркылуу сатып алуучу катары, товарга төлөө үчүн сатуучунун картына акчалай которууну сунуш кылышат.  
Ал үчүн, сатуучуга карттын толук маалыматын, ошондой эле  3DS шарттуу белгисин толук киргизүүнү сунуш кылган шилтемени жөнөтүшөт.
Натыйжада, картка акча каражаттары келип түшкөндүн ордуна, алдамчылардын электрондук капчыктарына акча каражаттары  эсептен чыгарылат.  
 
Банк белгисиз адамдардан келген белгисиз шилтемеден өтпөөнү, үчүнчү жакка карттын эч бир маалыматтарын бербөөнү жана киргизбөөнү көптөн көп сунуш кылат.   
Карттык маалыматтарды коргоо өзүңүздүн колуңузда!
Сак болуңуз!

Интернет-банкинг

Optima On-line Юридикалык жактарга
Optima24 Төлөм карталарын кармоочулар үчүн Интернет-банкинг
0