«Акчабар» ФПнын маалыматы боюнча

Akchabar nagrada2023

«Оптима Банк» ААКсы «Акчабар» каржы порталынын элдик добуш берүүсү боюнча 2023-жылдагы Кыргызстандагы эң мыкты банк деп табылды.

«Оптима Банк» ААК 2023-жылдын 18-декабрынан 2024-жылдын 18-январына чейин «Акчабар» каржы порталынын сайтында өткөн элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча «Кыргызстандын мыкты банкы-2023» наамын жеңип алды.

Бир айдын ичинде кыргызстандыктар өздөрү каалаган банкты колдоп 24 миңден ашуун добуш беришти. Добуш берүү учурунда портал добуштарды бурмалоону жоюу жана ар бир добуштун уникалдуулугун текшерүү боюнча кылдат иштерди жүргүздү. “Акчабар” каржы порталынын редакторлору “Оптима Банк” кардарларынын кеңири колдоосуна ээ болгонун, бул жеңүүчүнү аныктоодо негизги фактор болгонун белгилешти.

Өз кезегинде «Оптима Банк» кардарларына ишеним жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. "Бул сыйлык биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн сапатын баалаган лоялдуу кардарларыбыздын аркасында мүмкүн болду. Биз өнөктөштөрүбүздү, кардарларыбызды терең урматтайбыз жана мындан ары да ыңгайлуу жана технологиялык жактан өнүккөн финансылык чечимдерди сунуштайбыз", - деди "Оптима Банк" ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары - Бакыт Жанышбекович Курманбеков.

«Оптима Банк» өзүнүн жетишкендиктери менен сыймыктанат жана мындан аркы өсүү жана өнүгүү үчүн негизги стимул болгон колдоосу үчүн бардыгына ыраазычылык билдирет.