Миссия жана баалуулуктар

«Оптима Банк» ААКсы – бул, күчтүү корпоративдүү маданияттуу Банк, ошондуктан биздин миссиябызда жана баалуулуктарыбызды жарыялайбыз.

Көрөгөчтүк
«Оптима Банк» - бизнес жана жеке жактар үчүн заманбап, ыңгайлуу финансылык кызматтарды жана продуктыларды көрсөтүүчү ишенимдүү банк.

Миссиясы
Кыргызстандын банк тутумунда лидер болуп таанылуу менен, «Оптима Банк» коомго, кызматкерлерге жана акционерлерге пайда алып келип, өзүнүн кардарларынын жыргалчылыгын жогорулатууга аракет кылат.

«Оптима Банк» ААКсынын баалуулугу

1. Ачык айкындуулук жана жоопкерчилик

Ачык-айкын макулдашуулар, ачык коммуникация жана эч кандай эреже бузуулар же көшөгө артындагы чечимдерсиз жыйынтык үчүн жеке жоопкерчилик

2. Жыйынтыкка багытталуу

Биз кардарлар, акционерлер жана Банктын кызматкерлери үчүн өлчөнө турган жана туруктуу жыйынтыкка жетүүгө умтулабыз. Ылдам жана сапаттуу иштейбиз, алдын ала ийгилик критерийлерин аныктайбыз, кыска мөөнөттө иш алып барабыз. Чечимдерди маалыматтарга жана кайтарым байланыштарга таянып кабыл алабыз. Ишенимдүүлүк, коопсуздук жана узак мөөнөттүү натыйжалуулукту камсыздоо менен аракеттерибизге өз убагында көз салып, жетишилген жыйынтык үчүн жоопкерчилик алабыз.

3. Бирдиктүү команда

Биз бири-бирибизге ишенебиз жана жалпы жыйынтыкка бирдей жооптуубуз. Тез макулдашабыз, чечимдерди маалыматтар менен фактылардын негизинде кабыл алабыз, бири-бирибизге жардамдашабыз жана көйгөйлөрдү күнөөлүүнү издебестен чечебиз.

4. Пайдасы бар амбициялар

Биз татаал тапшырмаларды аткарууга даярбыз, көндүмдөрүбүздү жана ыкмаларыбызды өнүктүрөбүз. Тажрыйба аркылуу үйрөнөбүз, ошондой эле кардарларга, Банкка жана бири-бирибизге реалдуу пайда алып келүү үчүн өсөбүз.